Sign In
Руслан Бекетаев ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри болуп дайындалды

Руслан Бекетаев ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри болуп дайындалды

бекетаев РБ.jpg
05.03.21

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 5-марттан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңы мүчөсү (министр) болуп Казакстан Республикасынан Руслан Бекетаев дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигинде ишкердик ишмердикти өнүктүрүү, каржы саясаты, эмгек миграциясы жана социалдык коргоо маселелери кирмекчи.

Комиссиянын курамындагы бул кызматта Руслан Бекетаев Тимур Жаксылыковду алмаштырды, ал Казакстан Республикасынын улуттук экономика боюнча биринчи вице-министринин кызмат ордуна дайындалган.

ЕЭКтин жаңы министринин Казакстандын мамлекеттик бийлик органдарында олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар. Буга чейин Руслан Бекетаев Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Финансылык мониторинг боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык комитетинин төрагасы болуп эмгектенген. ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты министри кызматына дайындалганга чейин, ал жети жылга жакын Казакстан Республикасынын финансы боюнча вице-министринин кызматын ээлеген.​