Sign In
Михаил Мясникович ЕАЭБде жогорку технологиялык тармактарда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө чакырды

Михаил Мясникович ЕАЭБде жогорку технологиялык тармактарда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө чакырды

IMG_5657.jpg
05.02.21

Михаил Мясникович 5-февралда «Almaty Digital Forum 2021» форумунда сөз сүйлөп жатып, технологиялык тармактарда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө чакырып өттү.

 

Михаил Мясникович баса белгилеп өткөндөй, Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасы Касым-Жомарт Токаев ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда 2021-жылга карата негизги милдеттердин катарында өнөр жай кооперациясын жана санариптештирүүнү белгиледи. Бүгүнкү күндө Евразия экономикалык бирлигинде приоритеттүү милдеттердин катарында – Казакстан Республикасы тарабынан демилгеленген дүң-бөлүштүрүү борборлорун түзүү, ошондой эле Беларусь Республикасы Бирлик боюнча өнөктөштөр менен биргеликте сунуштаган санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун толук кандуу ишке киргизүү. Учурда Комиссия аларды аткаруу боюнча комплекстүү мамиленин үстүнөн активдүү иштөөдө.

 

«Бизде ЕАЭБде бул милдеттерди аткаруу үчүн интеллектуалдык жана өнөр жайлык потенциал бар, – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Өнүгүү институттарын бекемдөө, ички рынок жана экспорт үчүн жогорку ликвиддүү товарларды өндүрүү үчүн жаңы ишканаларды түзүү, жогорку технологиялык тармактарда импортту алмаштыруу боюнча программаларды киргизүү зарыл. Буга байланыштуу форумдун көңүлүн Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путиндин максаттуу көрсөтмөсүнө бургум келет».

 

Бүгүнкү күндө ЕАЭБде Бирлик боюнча өнөктөштөр менен биргелешкен 17,5 миң ишкана бар. Эң көбү Казакстан Республикасында – 10 миң чамасындай. Беларуста – 2 400. Алардын иши ITсиз мүмкүн эмес. Коммерциялык банктар өздөрүнүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү түзүмдөрү менен МКТда эң ийгиликтүү болуп саналат. «Биз Комиссияда өнөр жай компаниялары да, инновациялык компаниялар да бул ишмердикте активдүүлүк көрсөтөт деп ишенебиз», – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

 

Ал Евразия экономикалык бирлигинде жалпы сметалык наркы 200 млрд АКШ долл. чамасындайды түзгөн инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуу бар экендигин жана алардын көпчүлүк бөлүгү мааниси боюнча интеграциялык долбоорлор экендигин кошумчалады.

 

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы санариптик инфраструктуралардын фундаменталдуу негиздерин жана экотутумдарды түзүү 2020-жылдын 11-декабрында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекитилген, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттары менен каралган деп билдирди.

 

Аталган Стратегия өнүгүүнүн негизги 11 багытын камтыйт жана алардын дээрлик бардыгы санариптик платформаларга негизделген, мисалы, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө тутуму, чек ара аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүү, улуттук сегменттерди жана интеграцияланган компоненттерди, интеллектуалдык менчик жаатындагы санариптик трансформация маселелерин жана көптөгөн башка актуалдуу долбоорлорду камтыган Бирликтин аймактар боюнча бөлүштүрүлгөн санариптик платформасынын концепциясын иштеп чыгуу жана бекитүү.

 

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды жана бизнес-коомдоштукту стратегиянын милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу үчүн идеяларды сунуш кылууга чакырып өттү.

«Санариптик кайра жүктөлүү: жаңы реалдуулукка секирик» деп аталган форумдун пленардык сессиясында Бирликтин өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары да катышышты.​