Sign In
ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети 2021–2022-жылдарга карата кызматташтыктын планына кол коюшту

ЕЭК жана КМШнын Аткаруучу комитети 2021–2022-жылдарга карата кызматташтыктын планына кол коюшту

1 (1).png
05.02.21

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана КМШнын Аткаруучу комитетинин Төрагасы  Сергей Лебедев 5-февралда Алматада Евразия экономикалык комиссиясынын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруучу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2021–2022-жылдарга карата иш-чаралардын планына кол коюшту.

Планда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана иш-чараларды өткөрүү каралган. Ошондой эле, ЕАЭБдин укугун жана КМШнын ченемдик базасын ЕАЭБде жана КМШда иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун ортосундагы каршылыктарды жоюу жагында байланыштыруу боюнча мамилелерди иштеп чыгуу үчүн консультациялар пландаштырылган. Мындан сырткары, документте ЕАЭБдин жана КМШнын иштөө процесстерине жаштарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-коомдоштуктарды тартуу каралган.

Маалымат

ЕЭКтин жана КМШнын Аткаруучу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 27-ноябрында кол коюлган. Анда бажылык жөнгө салуу, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана көзөмөлдөө, мамлекеттик сатып алуулар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, санариптик экономика, салык саясаты жана тескөө-башкаруу, тышкы соода, атаандаштык саясаты жана монополияга каршы жөнгө салуу, ошондой эле санитардык, ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатындагы кызматташтык каралган.

Меморандум ЕАЭБ жана КМШ органдарынын өкүлдөрүнө ЕЭКтин жана Шериктештиктин органдарынын аянтчаларында өткөрүлгөн эксперттик топтордун отурумдарында, ошондой эле Комиссиянын Коллегиясына караштуу консультативдик органдардын жана КМШнын тармактык кызматташтык органдарынын отурумдарында катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.