Sign In
Михаил Мясникович – Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыктары жөнүндө

Михаил Мясникович – Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыктары жөнүндө

IMG_6795.jpg
05.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович журналисттерге Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 5-февралда Алматада бетме-бет форматта болуп өткөн отурумунун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

 

- ЕӨАКтын отурумунда металлургия өнөр жайынын ишканаларын чийки зат менен камсыз кылуу, асыл-тукум мал чарбачылыгы жаатындагы ишти координациялоо сыяктуу перспективага багытталган, биздин экономикалар үчүн маанилүү болуп саналаган чечимдер жана башка көптөгөн чечимдер кабыл алынды.

 

Албетте, ички рынокту коргоого тиешелүү чечимдер абдан маанилүү. Бул транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун түзүү боюнча мамилелер, демпингге каршы, жооп иретиндеги чаралар жана, албетте, перспективдүү өнүгүү маселелери.

 

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча тийиштүү сунуштар жөнүндө баяндама жактырылды. Баштапкы маалыматтар боюнча, бизде 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча ИДӨнүн бир аз төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын айта кетким келет, азырынча ал 3,9% деңгээлинде бааланууда. Ошол эле мезгилде Комиссиянын болжолдоолору 2021-жыл бир кыйла ийгиликтүү болорун көрсөтүп турат. 

 

Биз Бирлигибиздин өлкөлөрүнүн экономикаларынын кеминде 3,2%га өсүшүн күтүүдөбүз. Жана бул тенденция сактала бермекчи. Менин айтайын дегеним, 2025-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясында белгиленген максаттар жана милдеттер аткарылууга тийиш.

 

Өткөн жылдын декабрь айында мамлекет башчылары Евразия экономикалык комиссиясына КМШнын Аткаруучу комитети менен бир кыйла тыгызыраак иштешүүнү тапшырган. Биз тийиштүү корутундуларды чыгардык, 2021–2022-жылдарга карата иш-чаралардын конструктивдүү планын даярдадык жана ал документке Өкмөттөр аралык кеңеште кол койдук.

 

Алдыда бизди абдан чоң иш күтүп турат, бүгүнкү санариптик форумда көптөгөн кызыктуу долбоорлор көрсөтүлдү.

 

М.В. Мишустин Комиссиянын алдына милдетти койду. А.У. Маминдин Казакстан Республикасынын Президенти К.-Ж. К. Токаевдин ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда чагылдырылган негизги беш багыттан түздөн-түз келип чыккан сунуштары абдан кызыктуу болду. Аталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн алдыда бир кыйла активдүү иш күтүп жаткандыгын көрүп турабыз.

 

Ошондой эле, санариптик форумдун алкагында Казакстан Республикасынын Премьер-министри А.У. Мамин ЕАӨБдүн базасында бирдиктүү санариптик платформаны түзүү демилгелерин киргизди. Бул жагынан алганда биз, интеграцияланган маалыматтык тутумдун жалпы процесстерин ишке ашыруунун үстүнөн иш алып барып жаткан Евразия экономикалык комиссиясында, бул шайкеш келтирүүнү көрүп турабыз. Жакынкы убакытта буга чейин киргизилген 19 жалпы процесске дагы 48 жалпы процесстин даярдалып, кошулгандыгы тууралуу айта алабыз, бүгүнкү күндө алар даярдыктын жогорку даражасында турат.

Ошондой эле, Т.М. Жаксылыков мырзанын башка жумушка өтүп жаткандыгына байланыштуу ЕЭК министри кызматына Р.Б. Бекетаевдин кандидатурасы колдоого алынды.