Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары 05.02.2021

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары 05.02.2021

05.02.21

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 5-февралда Алматада (Казакстан) бетме-бет форматта болуп өткөн отурумунда он маселени карап чыгышты.

 

Бирликте атайын, коргоо, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу механизмдерин өркүндөтүү боюнча мамилелер каралды.

 

Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин бажы аймагында жооп иретиндеги чараларды колдонуу механизми жөнүндө баяндама жасады.

 

Казакстандан жана Беларустан Бирликтин мамлекеттерине кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын алып чыгууга тыюу салуу маселеси каралды.

 

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын бекитти.

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштар жөнүндө баяндаманы карап чыкты.

Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде өткөрүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык-асыл тукумдук ишти координациялоо жана талдамалык камсыздоо тартиби бекитилди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри кызматына Тимур Мекешевич Жаксылыковдун ордуна Руслан Бакытжанович Бекетаевдин кандидатурасын колдошту. Учурда Казакстан Республикасынын каржы вице-министри кызматын аркалаган Бекетаевдин кандидатурасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешине көрсөтүлмөкчү.

 

Отурумда ЕӨАКтын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ошондой эле Молдова Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Аурелиу Чокой, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын Премьер-министри Мануэль Марреро Крус, КМШнын Аткаруучу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев, Евразия өнүктүрүү банкынын башкармасынын төрагасы Николай Подгузов катышышты.

 

Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму 2021-жылдын 23-апрелинде Россия Федерациясында өткөрүлмөкчү.