Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди бириктирмекчи

ЕАЭБ өлкөлөрү асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди бириктирмекчи

05.02.21

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши 5-февралда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде өткөрүлүп жаткан асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы селекциялык-асыл тукумдук ишти координациялоо жана талдамалык камсыздоо тартибин бекитти.

Документ Бирлик жөнүндө келишимге жана 2019-жылдын октябрь айында өкмөт башчылары тарабынан кол коюлган ЕАЭБдин алкагында айыл чарба жаныбарлары менен селекциялык-асыл тукумдук иштерди жүргүзүүнү бир түргө келтирүүгө багытталган чаралар жөнүндө макулдашууга ылайык иштелип чыккан.

«Кабыл алынган документ Бирликтин өлкөлөрүнүн асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү, кызматташтыктын перспективдүү багыттарын ишке ашыруу жана мүчө мамлекеттердин асыл тукум мал чарбачылыгына инновациялык технологияларды, анын ичинде геномдук селекцияны киргизүү боюнча натыйжалуу ишти камсыз кылууга мүмкүндүк берет», – деди ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул багыттагы иш тездик менен өнүгүүдө. Геномдук селекцияны киргизүү жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо мөөнөттөрүн бир нече эсе кыскартуунун эсебинен генетикалык прогресстин тездетилишин камсыз кылат.

Аталган тартип ЕАЭБде селекциялык-асыл тукумдук ишти координациялоо жана талдамалык камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө уюмдарынын, лабораториялардын, асыл тукум чарбаларынын жана асыл тукум мал чарбачылыгынын башка субъектилеринин өз ара аракеттенүүсүнүн эрежелерин белгилейт. Мындан сырткары, аталган талдамалык иш менен алектенүүчү уюмдардын тизмеги аныкталды.

Тартип күчүнө киргенден кийин өлкөлөр асыл тукум ишин өнүктүрүү жана уюштуруу, ошондой эле асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында ишмердик алып барган мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана уюмдардын макулдашылган иш-аракеттери боюнча чечимдерди координациялык кеңешмелердин жүрүшүндө, кабарлашып иштеп чыгышат. Иштин мындай форматы процесстин асыл тукум иштерин жүргүзүү үчүн жооптуу болгон бардык катышуучуларын бириктирүүгө жана келип чыккан маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип, эксперттердин пикири боюнча, документ Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө селекциялык иштин жана асыл тукум продукция менен соода жүргүзүүнүн өнүгүүсүнө оң таасир бермекчи.​