Sign In
ЕАЭБ деңиз портторунда электрондук документ жүгүртүүнү баштамакчы

ЕАЭБ деңиз портторунда электрондук документ жүгүртүүнү баштамакчы

1.png
05.02.21

Евразия өкмөттөр аралык кеңеши ЕАЭБ мамлекеттеринин деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын бекитти.

Документ Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүүнүн максаттарын, милдеттерин, баскычтарын жана негизги багыттарын белгилейт. Ал мүчө мамлекеттердин деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча 2021–2022-жылдарга карата биринчи баскычтагы иш-чаралардын планын камтыйт.

Деңиз портторунун алкагында орнотулган өткөрүү пункттарындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү анын аймагында деңиз порттору жайгашкан мүчө мамлекеттин улуттук «бирдиктүү терезе» механизминин маанилүү элементи болуп саналат.

Деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документ жүгүртүүнү өнүктүрүү кагаз түрүндөгү документтерди колдонуудан баш тартууга, маалымат алмашууга өтүүгө, жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын багажын ташуу процесстерин тездетүүгө жана жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет. Мунун баары транспорт кызматтарын көрсөтүүнүн жана деңиз портунда кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Бирликте дүйнөдөгү эң узун жээк тилкесине ээ болгон Россия Федерациясынын аймагы ачык деңизге чыгат. Россия жана Казакстан Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн темир жолдору боюнча деңиз портторуна карай массалык жүктөрдүн, анын ичинде мунай өнүмдөрүнүн, кендердин, көмүрдүн жана дандардын көпчүлүк үлүшү ташылат. Аталган жүктөрдүн ээлери россиялык ишкерлер менен катар Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ишкерлери болуп саналат.​