Sign In
ЕЭК чай суусундуктарынын рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирди

ЕЭК чай суусундуктарынын рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирди

04.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн монополияга каршы ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда чай суусундуктарынын чек ара аралык рыногундагы атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузууларды жоюу боюнча сунушту макулдашты жана берди. Өткөн жылдын сентябрь айында Комиссияга Greenfield чайынын өндүрүүчүсү – «Орими» КТ Казакстан Республикасынын аймагында катталган бир катар компаниялар тарабынан нысапсыз атаандаштыктын болушу жөнүндө арызы менен кайрылган. Товардык белгинин укук ээси арызда көрсөтүлгөн компаниялар тарабынан сатылган чай суусундуктарынын этикеткаларынын дизайны Greenfield товардык белгилери менен «чаташтыруу деңгээлине чейин окшош» деп билдирген.

Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, бул керектөөчүлөрдү чаташууга алып келүүдө жана нысапсыз атаандаштыктын белгиси катары квалификацияланышы мүмкүн. ЕЭКтин монополияга каршы жөнгө салуу департаменти тарабынан берилген Сунушка ылайык, аталган компаниялар арыз берүүчүнүн товарына окшош товарды мындан ары өндүрүшпөйт жана сатышпайт. Мындан сырткары, алар Казакстан Республикасынын укугу боюнча окшош товардык белгини коргоо жол-жобосун токтотушат.


Бардык тараптар Комиссиянын Сунушуна толугу менен макул болушту аны ишке ашырууга киришишти.