Sign In
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары

04.12.20
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Өкмөттөр аралык кеңештин 4-декабрда видеоконференция форматында өткөрүлгөн отурумунда 9 маселени карап чыгышты.

Отурумда ЕӨАКтын Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович, ошондой эле Молдова Республикасынын Премьер-министри Ион Кику катышышты.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунун кем жерлеринин иштелип чыккандыгы жөнүндө билдирди.

Өкмөттөр аралык кеңеш 2021-2022-жылдарда жоюуга жаткан, Бирликтин ички рыногундагы алып коюулардын жана чектөөлөрдүн тизмегин бекитти. Тизмеге 12 позиция, анын ичинде 1 алып коюу жана 11 чектөө киргизилди.

Өкмөт башчылары Комиссияга жана мүчө мамлекеттерге "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентке өзгөртүүлөрдүн үстүнөн ишти улантууну тапшырышты. Аталган өзгөртүүлөр жаныбарлардан алынган тамак-аш продукциясында, анын ичинде кайра иштетилген продукцияда ветеринардык дары-дармек каражаттарынын калдыктарынын болушуна контролдун натыйжаларынын ар түрдүү интерпретацияланышы маселесин жөнгө салуу үчүн керек. 

Мындан сырткары, ЕАЭБдин алкагында курулуш чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногунун иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иш-чаралардын планы бекитилди. Документте ЕАЭБдин алкагында курулуш чөйрөсүндөгү жетекчи техникалык персоналдын кесиптик квалификациясын өз ара таануу жөнүндө эл аралык келишимди иштеп чыгуу жана ага 2022-жылда кол коюу каралган.

Комиссия Өкмөттөр аралык кеңешке Мамлекеттик сатып алуулар максатында айрым товарлардын чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелеринин бекитилгендиги тууралуу билдирди. Эрежелерде Комиссиянын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын реестрин алып баруусу каралган. Документтин максаты – Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрү үчүн ЕАЭБдеги мамлекеттик сатып алууларга жетүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу.

Кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Казакстандын аймагынан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө темир жол транспорту менен ташууну чектөө маселеси каралды. Комиссияга аталган маселени кошумча иштеп чыгып, анын натыйжалары жөнүдө ЕӨАКтын кийинки отурумунда билдирүү тапшырылды.

Ошондой эле, өкмөт башчылары Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Комиссиянын Кеңешинин Кыргыз Республикасынан мүчөсүнүн  кандидатурасын көрсөтүү жөнүндө маселени карап чыгышты.

Өкмөттөр аралык кеңештин кийинки отуруму 2021-жылдын биринчи кварталында Алматада өткөрүлмөкчү.​