Евразия экономикалык комиссиясы Европадагы
коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) регионундагы эл аралык уюмдардын
катарында ЕККУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин
видеоконференция форматында өткөрүлгөн 27-чи отурумунда катышты.
Комиссияны мындай деңгээлдеги иш-чараларга
чакыруу иш-тажрыйбасы 2016-жылда калыптанган, ошондон тарта ЕЭК ЕККУ
өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумдарында жыл сайын
катышып келет (2017-ж., 2018-ж., 2019-ж.). Ошондой эле, ЕЭК ЕККУнун экинчи
экономикалык "себетинин" линиясы боюнча иш-чараларда катышууга
тутумдук негизде чакырылат. Аталган аянтчаларда Комиссия Бирликтин ишине жана
улуттан жогорку жөнгө салуунун ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү жетишкендиктерине басым
жасоого мүмкүнчүлүк алат.
Маалымат
2020-жылда ЕККУда Албания төрагалык кылат, ал
эми 2021-жылы төрагалык Швецияга өтмөкчү.
Евразия
экономикалык бирлиги жана Евразия экономикалык комиссиясы ЕККУнун Туруктуу
кеңешинин чечими менен алардын өкүлдөрү ЕККУнун экинчи экономикалык
"себетинин" иш-чараларына катышууга чакырылуучу эл аралык уюмдардын,
эл аралык органдардын, регионалдык бирикмелердин жана конференциялардын
тизмегине киргизилген.