Sign In
ЕЭКте кабыл алынган чечимдердин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча пилоттук долбоордун алгачкы натыйжаларын каралды

ЕЭКте кабыл алынган чечимдердин иш жүзүндөгү таасирин баалоо боюнча пилоттук долбоордун алгачкы натыйжаларын каралды

04.10.19

4-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жөнгө салуучу таасирди баалоо (ЖТБ) боюнча жумушчу тобу Коллегиянын экономика жана каржы саясаты боюнча боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыковдун төрагалыгы астында Комиссия кабыл алган чечимдердин иш жүзүндөгү таасирин баалоо (ИТБ) боюнча пилоттук долбоордун алгачкы натыйжаларын карап чыкты. Ошондой эле, отурумда ЕЭКтин бажылык жөнгө салуу жана дары-дармек каражаттарын жүгүртүү тармактарындагы чечимдеринин долбоорлорунун бизнести алып баруу шарттарына таасирин баалашты.


Атап айтканда, Бирликке үчүнчү өлкөлөрдөн продукцияны алып келүүдө техникалык жөнгө салуу чараларын колдонулушун тастыктоонун тартибине тиешелүү ЕЭК Коллегиясынын 2012-жылдын 25-декабрындагы № 294 чечимине карата ИТБ жөнүндө корутунду макулдашылды.


Корутунду Бирликтин тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучулары үчүн ашыкча талаптарды жана милдеттерди жоюуга багытталган укугун мыктылоо боюнча сунуштарды камтыйт.


«Биз Бирликтин укугун мыктылоого ишкердик коомдоштуктардын чоң кызыгуусун көрүп жатабыз. Бардык келип түшкөн сунуштар документтин жаңы редакциясын даярдоодо эске алынат», – деп Тимур Жаксылыков баса белгиледи.


Мындан сырткары, отурумдун катышуучулары ЕЭК Коллегиясынын энергоресурстарды бажылык декларациялоо жол-жоболорун бизнес үчүн жеңилдетүүгө багытталган чечиминин долбоорун карап чыгышты. Долбоор Россия Федерациясы тарабынан сунушталган жана анын аймагынан экспорттоого карата жеңилдетүүлөргө гана тиешелүү.


Ошол эле мезгилде жумушчу топ Бирликтин башка өлкөлөрүнүн энергоресурстарды экспорттоодо тажрыйбасы бар бизнесине ушундай жеңилдетүүлөрдөн пайдалануу укугун ыйгаруу жөнүндө маселени иштеп чыгууну сунуш кылды.


Ошондой эле, отурумда экспресс-жүктөр үчүн товарларга карата декларацияны толтуруу тартибин өзгөртүү, ошондой эле аталган декларацияга оңдоолорду киргизүү тартибин аныктоо жөнүндө ЕЭК Коллегиясынын чечиминин долбоору каралды. Документ экспресс-жүктөр үчүн товарларга карата декларацияда ашыкча маалыматтардын көрсөтүлүшүн жокко чыгарууга жана аны оңдоо тартибин аныктоого мүмкүндүк берет.

 

Жумушчу топтун мүчөлөрү Бажы бирлигинин Комиссиясынын жана ЕЭК Кеңешинин чечимдерине аз байытылган уранга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын макул көрүштү. Бул Казакстан Республикасынын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) алдындагы эл аралык милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет.


Ошондой эле, отурумда ЕЭК Коллегиясынын Бирликтин жалпы фармацевтика рыногунун алкагында өндүрүштүк линияларды мурунку өндүрүштүк циклдин алкагында өндүрүлгөн дары-дармек препараттарынын калдыктарынан тазалоого карата бирдиктүү мамилелерди камсыз кылууга багытталган чечиминин долбоору каралды.


Маалымат

ЖТБ жол-жобосу эки баскычтан турат: учурдагы баалоо – ЕЭКтин чечиминин долбоорун Бирликтин сайтында коомдук талкуулоо; жыйынтыктоочу баалоо – ЖТБ жөнүндө корутундунун ЕЭКтин атайын түзүлгөн жумушчу тобу тарабынан даярдалышы.


ЕЭКтин кабыл алган чечимдеринин ИТБсы боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы ЕЭК Коллегиясынын 2019-жылдын 22-январындагы № 18 тескемеси менен бекитилген.