Sign In
Тимур Жаксылыков: «ЕАЭБдин жалпы каржы рыногу каржы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын натыйжалуу коргоосуз иштеши мүмкүн эмес»

Тимур Жаксылыков: «ЕАЭБдин жалпы каржы рыногу каржы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын натыйжалуу коргоосуз иштеши мүмкүн эмес»

04.10.19

Каржы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча IV Эл аралык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков каржы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин жакшыртуу үчүн каржы тармагындагы мыйзамдарды мыктылоонун зарылчылыгы тууралуу билдирди. Конференция 3-октябрда Сбербанк ААКнын конференц-залында өткөрүлдү.

 

ЕЭК министри конференциянын катышуучуларын Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы каржы рыногун түзүүнүн концепциясын бекиткендиги жөнүндө маалымдады. Бул Бирликтин өлкөлөрүнүн жөнгө салуучулары Комиссия менен биргеликте анын үстүнөн эки жыл бою иштеген негиз болуучу документ болуп саналат.


«Документ Бирликтин жалпы каржы рыногун түзүү, жөнгө салууну шайкеш келтирүү, жөнгө салуучулардын натыйжалуу административдик кызматташтыгын камсыз кылуу, каржы кызмат көрсөтүүлөрүн жеткирүүчүлөрдүн бири биринин рынокторуна жетимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча мөөнөттөрдү, максаттарды жана милдеттерди аныктайт», – деди Тимур Жаксылыков.


Ал керектөөчүлөрдүн укуктарын натыйжалуу коргоо боюнча милдеттер барган сайын актуалдуу болууда деп кошумчалады. Каржы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн жана жеткирүүчүлөрдүн жалпы каржы рыногун мамлекеттик жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү, жалпы рыноктун алкагындагы инвестициялык өнүмдөр жөнүндө маалым болуу деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү маанилүү. алымн жана жеткиратыйжалуу коргоо боюнча милдеттер барган сайын актуалдуу болууда деп кошумчалады. угунун ортосундагы


«Каржы кызматтарын көрсөтүү эрежелерин жакшыртуу үчүн каржы тармагындагы мыйзамдарды мыктылоо, аманаттарды жана филиалдардын милдеттенмелери боюнча төлөмдөрдү кепилдөөгө, ошондой эле бизнести алып барууну оптималдаштырууга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл, – деди Тимур Жаксылыков. – Каржылык сабаттуулукту жогорулатууга жана каржы пирамидаларынын ишмердигине жана каржылык алдамчылыктын башка түрлөрүнө бөгөт коюлушуна өбөлгө түзүү сыяктуу маанилүү бөлүктөрсүз керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо мүмкүн эмес».

 

Конференцияда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн каржылык жөнгө салуучуларынын, борбордук жана улуттук банктарынын, Инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча Кытай фондунун, ошондой эле башка эл аралык компенсациялык тутумдардын өкүлдөрү, каржы омбудсмендери жана инвесторлор катышышты.


Маалымат


Каржы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча «Каржылык коопсуздук аймагы» Эл аралык конференциясы инвесторлордун жана каржы кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу үчүн эл аралык аянтча болуп саналат. Конференциянын уюштуруучулары – Аманатчылардын жана акционерлердин укуктарын коргоо боюнча федералдык коомдук-мамлекеттик фонд жана Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК).