Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар максатында банк кепилдиктерин өз ара таануу боюнча пилоттук долбоорду баштоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгышмакчы

ЕАЭБ өлкөлөрү мамлекеттик сатып алуулар максатында банк кепилдиктерин өз ара таануу боюнча пилоттук долбоорду баштоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгышмакчы

04.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ага ылайык Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына жана улуттук банктарына мамлекеттик сатып алуулар максатында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн банктары тарабынан берилген банк кепилдиктерин өз ара таануу боюнча пилоттук долбоорду баштоо сунуш кылынган тескемени кабыл алды.

 

Бул ушул жылдын апрель айында Россия Федерациясынын 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 44-ФЗ "Мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу чөйрөсүндөгү контракттык тутум жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизгендигинин аркасында мүмкүн болду. Россия Федерациясында мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда алардын банк кепилдиктери таанылышы мүмкүн болгон банктардын тизмегине киргизүү үчүн зарыл болгон кредиттик рейтингдерди алууну каалаган кредиттик уюмдардын россиялык болушуна көрсөтмө жокко чыгарылды. Ошентип, Россия Федерациясында өткөрүлгөн мамлекеттик сатып алуулар максаттары үчүн банк кепилдиктерин берүүдө мүчө мамлекеттердин банктарынын катышуусу үчүн мыйзамдык тоскоолдуктар калган жок – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн банктары Россиянын рейтинг агенттиктеринде тийиштүү рейтингдерди алуу боюнча ишти баштап, аталган тизмекке кирсе болот.

 

Ошол эле мезгилде ЕЭК Кеңеши Комиссияга мүчө мамлекеттер менен биргеликте Евразия өнүктүрүү банкы жана Өкмөттөр аралык банк тарабынан берилген банк кепилдиктерин таануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча ишти улантууну тапшырды.

 

ЕЭК Кеңешинин 2019-жылдын август айындагы отурумунда Россия Федерациясы өзүнүн мыйзамдарына аталган каржы институттары тарабынан берилген банк кепилдиктерин мамлекеттик сатып алууларда таануу үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизет деген келишкендикке жетишилген эле.​