Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуусу

IMG_3901.jpg
04.09.19

4-сентябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүү жана Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) учурдагы өнүгүү маселелерин талкуулашты.

РФ Өкмөтүнүн Төрагасы Тигран Саркисяндын Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы кызматындагы ишин жогору баалады. Ал ЕАЭБдин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын деңгээлиндеги да, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин деңгээлиндеги жолугушуулардын алкагындагы да ишинин мыкты жана натыйжалуу уюштурулгандыгын белгиледи.

«Сиздин Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын башчысы кызматындагы бул ишти уюштуруудагы өзгөчө ролуңузду белгилеп кетким келет. Акыркы жылдарда, кандайдыр бир күнүмдүк нерселер Өкмөт башчыларынын кеңешинин, жадагалса Мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна түшпөгөн, бирок ошол эле мезгилде чынында эң маанилүү болуп саналган маселелер кароого чыгарылган, толугу менен тынч жана үзүрлүү ишти жолго салууга жетиштиңиздер деп ойлойм, – деди Дмитрий Медведев. – Эң башкысы – биздин өлкөлөр үчүн, биздин «бешилтик» үчүн актуалдуу болгон күн тартибин алып барып жатасыздар. Мен айрыкча «санарипти» айтып жатам, анткени биздин бардык өлкөлөр – интенсивдүүлүктүн ар кандай деңгээлинде, бирок, ошентсе да, санариптик экономикага өтүшүүдө, «санарипти» мамлекеттик башкарууда, социалдык кызматтарды көрсөтүүдө колдонушууда. Жана биз мунун баарын макулдашып, бардык жагынан алганда, бир тилде сүйлөгөн режимде ишке ашырышыбыз зарыл».

Тигран Саркисян Дмитрий Медведевге Комиссиянын ишинин жыйынтыктарына оң баа бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди жана ЕАЭБдин органдарынын отурумдарынын алкагындагы тутумдук жолугушуулар Бирликтин мамлекеттери биргелешип жаңы ийгиликтерге жетишиши мүмкүн болгон перспективдүү багыттарды көрүүгө жардам берет деп белгиледи.

«Албетте, премьер-министрлер жылына төрт жолу интеграциянын бардык маселелерин талкуулоо мүмкүндүгүнө ээ болгондугу Коллегияга Евразия күн тартибин илгерилетүүгө жардам берет. Башка премьер-министрлер тарабынан колдоого алынган сиздин бул демилгеңиз абдан даанышман саясий чечим болду, ал Евразия бирлиги жөнүндө келишимде негизделген бардык негиз болуучу ченемдерди ишке ашырууга жардам берди. Сиздин жеке катышууңуз жана тутумдук жолугушууларыӊыз бардык кези келген маселелерди чечүүгө түрткү бергендиги шексиз, ошондой эле, албетте, биз биргелешип жаңы ийгиликтерге жетишибиз мүмкүн болгон перспективдүү багыттарды байкоого, көрүүгө мүмкүндүк берет», – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы баса белгиледи.