Sign In
ЕЭКте 2025-жылга чейинки Стратегиялык өнүгүү багыттарын ишке ашыруу планы боюнча алгачкы кеңешме болуп өттү

ЕЭКте 2025-жылга чейинки Стратегиялык өнүгүү багыттарын ишке ашыруу планы боюнча алгачкы кеңешме болуп өттү

04.08.20
 
Евразия экономикалык комиссиясында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында, ушул жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан жалпысынан жактырылган, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун комплекстүү планын иштеп чыгуу боюнча эксперттик кеңешмелердин сериясы башталды.

3-августта болуп өткөн алгачкы талкуунун темасы Евразия экономикалык бирлигинде стратегиялык пландоо жана узак мөөнөттүү болжолдоо маселелери болду. Кеңири сандагы эксперттердин жана илимий коомдоштуктун өкүлдөрүнүн дискуссиясынын жүрүшүндө Стратегиялык багыттардын экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү механизмдерин түзүүгө, экономиканы болжолдоо методологиясын өркүндөтүүгө, ЕАЭБдин илимий-техникалык өнүгүүсүнө, ошондой эле Бирликтин экономикалык өнүгүүсүнүн 2035-жылга чейинки негизги багыттарын иштеп чыгууга байланыштуу жоболорун ишке ашырууга карата мамилелер талкууланды.

"Учурдагы жагдайдын татаалдыгы дүйнөлүк экономиканын түзүмдүк кайра түзүлүшү, технологиялык жана дүйнөлүк чарба жүргүзүү тартиптеринин тренддери байкалбаган өзгөрүшү менен байланыштуу турбуленттүүлүктүн болушунда, бул болжолдоо үчүн салттуу эконометрикалык моделдерди колдонууну татаалдаштырууда. Бул жагдайда биз стратегиялык болжолдоо үчүн принципиалдуу жаңы мамилелерди издешибиз зарыл", – деди ЕЭК министри Сергей Глазьев.

Отурумда ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян катышты. Ал Бирликтин келечеги мүчө мамлекеттердин өнүгүүсүнө, кызматташтыгына, кооперациясына багытталган иште экендигин белгиледи. Россия илимдер академиясынын жана Бүткүл Россиялык тышкы соода академиясынын өкүлдөрү чакырылган эксперттер катары чыгып сүйлөштү.

Комиссия Стратегиялык багыттардын толугу менен макулдашылган бөлүмдөрүн ишке ашыруу планын кылдат иштеп чыгууга киришти.

Өткөрүлгөн кеңешмелердин жыйынтыктары боюнча, ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияда коюлган милдеттерге жетүү чараларын жана механизмдерин камтыган, Стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча план-график даярдалды.​