Sign In
ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери менен бирдикте ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кызматташуусунун негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгышты.

ЕЭК өкүлдөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эксперттери менен бирдикте ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кызматташуусунун негизги багыттарынын долбоорун иштеп чыгышты.

03.08.15

27-июлдан 31-июлга чейин Москвада Евразия Экономикалык Комиссиясынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн эксперттери менен ЕАЭБ алкагындагы өнөр жай кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулашты.

Талкууда Беларусь Республикасынын Экономика министрлиги жана Өнөр жай министрлигинен, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлиги жана Инвестициялар жана өнүгүү боюнча министрлигинен, Россия Федерациясынын, Армения Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү министрлиги жана Өнөр жай министрлигинен келген эксперттер катышышты.

Буга чейин ушул жылдын май жана июнь айларында Евразия экономикалык комиссиясы Комиссиянын өнөр жай саясаты департаменти иштеп чыккан Негизги багыттардын долбоорун эл алдында талкуулоо боюнча иш-чаралар сериясын ЕАЭБ бардык өлкөлөрүнөн келген Тараптардын эксперттерин тартуу менен өткөргөн эле. Негизги багыттар Бирликтеги өнөр жай саясатына бирдиктүү мамилени чагылдырган евразиялык интеграциялык мейкиндиктеги биринчи документ болуп саналат. Документ орто мөөнөттүү перспективага эсептелген жана Бирликтин өнөр жай чөйрөсүндөгү өзөктүү кызыкчылыктарын ишке ашырууга өбөлгө болууга арналган. Негизги багыттар ЕАЭБдеги өнөр жай кызматташуусунун заманбап баскычынын актуалдуу маселелерин чечүүгө багытталган. Документте импортту  алмаштыруу, экспортко багытталган өндүрүштөргө дем берүү, инноватиканы өнүктүрүү, илимге негизделген технологияларды жана техникалык потенциалды өнүктүрүү боюнча чаралар камтылган.

Негизги багыттардын долбоорун эл алдында талкуулоо боюнча иш-чаралар Беларусь Республикасында (Минск ш., ушул жылдын 13-майында, «Беларусь өнөр жай форуму – 2015» алкагында), Казакстан Республикасында (Астана ш., 2015-ж. 27-майда), ошондой эле Россия Федерациясында (Екатеринбург ш., 2015-ж. 8-июлда, «ИННОПРОМ» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн атайын секциясында) өткөрүлгөн.

Болуп өткөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Негизги багыттардын долбоору ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик бийлик органдарынын жана бизнес коомчулуктарынын өкүлдөрү тарабынан жалпысынан колдоого алынып, жактырылган. Талкуулоонун жүрүшүндө айтылган конструктивдүү эскертүүлөр менен сунуштарды Комиссия эсине алды.

Эксперттик баалоо жүргүзүү максаты менен Негизги багыттардын долбоору Бириккен Улуттардын Өнөр жай өнүгүүсү боюнча уюмуна (ЮНИДО) жиберилген, ал жерде ал эл аралык эксперттерди тартуу менен каралып, жалпы жонунан оң баага татыган жана анда коюлган ыкмалар колдоого ээ болгон.

Документтин долбоору азыркы учурда даярдыктын жогорку деңгээлине эгедер.

Документтин азыркы версиясына булар кирет:

− ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайлык өнүгүүсүнүн учурдагы кырдаалына баа;

− ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайлык өнүгүү приоритеттери;

− ЕАЭБ алкагында өнөр жайлык кызматташуунун потенциалы, максаттары жана милдеттери;

− ЕАЭБ алкагында өнөр жайлык кызматташуунун 15тен ашуун куралы (механизми).

Негизги багыттардын алкагында Экономикалык ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу түрлөрүнүн тизмеси жана Бирликтин алкагында өнөр жайлык кызматташуу үчүн сезгич товарлардын тизмеси, ошондой эле Сезгич товарлар жаатында консультацияларды өткөрүү жана сезгич буюмдар жаатында улуттук өнөр жай саясатын ишке ашыруунун пландаштырылган багыттары тууралуу өз ара кабар берип туруу тартиби аныкталмакчы.

Негизги багыттарды талкуулоо боюнча кийинки сессия 12-15-августтарда Астанада болуп, анда документтин долбоорунун редакциясы акырына чейин иштелмекчи.

Документтин долбоорунун жаңы редакциясы ушул жылдын 3-августунан тарта ЕАЭБ Укуктук порталында жайгаштырылмакчы.