Sign In
ЕЭК ЕАЭБде каботаждык автомобилдик ташууларды либералдаштыруу программасынын аткарылышын тездетүүнү сунуш кылды

ЕЭК ЕАЭБде каботаждык автомобилдик ташууларды либералдаштыруу программасынын аткарылышын тездетүүнү сунуш кылды

04.03.20

            Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды либералдаштыруу программасынын ишке ашырылышын карап чыкты.

            Отурумда программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар ЕАЭБдин айрым мамлекеттери тарабынан өз убагында аткарылбагандыгы белгиленди. Алсак, Беларусь программанын үчүнчү баскычын ишке ашырууга киришти: ушул жылдын январь айында анын аймагында бир нече каботаждык ташуулар ишке ашырылды. Армения жана Кыргызстан үчүнчү баскычты баштоого даярдыгы жөнүндө билдиришти. Ал эми Россия өзүнүн мыйзамдарына Бирликтин башка өлкөлөрүнүн ташуучуларына анын аймагы боюнча каботаждык ташууларды ишке ашырууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөрдү киргизген жок.

            Программанын негизги милдети – бош жүрүмдөрдү азайтуу, жүк ташуучу автомобилдик транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн транспорттук чыгымдарын азайтуу. Башында каботаждык ташууларды либералдаштыруу программасы Беларусь, Россия жана Армениянын ортосунда макулдашылган эле, кийин ага Кыргызстан кошулган. Казакстан программада 2025-жылдан тарта катышмакчы. Программа ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери тарабынан 2015-жылдын май айында бекитилген. Ал 2016-2025-жылдар аралыгындагы мезгилге эсептелген жана бир нече баскычтардан турат.

            Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маселе Комиссиянын транспорт жана инфраструктура боюнча Консультативдик комитеттеринде жана Бирликтин мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинде, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Бирликтин мамлекет башчыларынын отурумдарында бир нече ирет талкууланып, алардын жыйынтыктары боюнча Бирликтин өлкөлөрүндө программаны ишке ашырууну баштоо үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алууну тездетүү зарылчылыгы белгиленген.

            Бул маселени ЕЭК Кеңешинде жана ЕАЭБге катышкан өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде карап чыгуу пландаштырылууда.​