Sign In
ЕЭКте өлкөлөрдүн Евразиялык интеграциянын стратегиялык багыттарынын долбооруна жаңы сунуштарын талкуулашты

ЕЭКте өлкөлөрдүн Евразиялык интеграциянын стратегиялык багыттарынын долбооруна жаңы сунуштарын талкуулашты

04.03.20

            Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун дагы бир нече позицияларын макулдашышты. Талкуу 4-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында видеоконференция форматында болуп өттү.
            "2025-жылга чейинки стратегиялар долбоору – Евразия экономикалык бирлигиндеги принципиалдуу жаңы формат, анткени ал конкреттүү тике аракеттенүү чараларын жана механизмдерин камтыйт",
– деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.

            "Өлкөлөр 320дан ашуун позицияларды макулдашышты, макулдашылбаган сегиз иш-чара гана калды, – деди ЕЭК башчысы, – мындан сырткары, Казакстан, Россия жана Беларустан дагы тогуз жаңы сунуш келип түштү, аларды жакынкы убакытта талкуулап, макудашуу зарыл".

            Кеңешмеде монополияга каршы жөнгө салуу, салык салуу жана соода саясаты чөйрөлөрүндөгү формулировкалар макулдашылды.

            Комиссия документтин үстүнөн ишти Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тапшырмасына ылайык тараптар менен биргеликте ишке ашырууда. Талкуунун кезектеги раунду 16-мартка белгиленди.

            Аягына чыгара иштелген долбоор ушул жылдын апрель айында Бирликтин өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кароосуна, андан кийин Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда мамлекет башчыларынын бекитүүсүнө чыгарылмакчы.