Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук жүргүнчүлүк каттамдарды калыбына келтиришүүдө

ЕАЭБ өлкөлөрү транспорттук жүргүнчүлүк каттамдарды калыбына келтиришүүдө

150724_016.JPG
04.02.21

2021-жылдын 8-февралынан тарта Россиянын жана Беларустун ортосундагы жүргүнчүлүк темир жол каттамдары калыбына келтирилет, ошондой эле Россиядан Арменияга, Беларуска жана Кыргызстанга үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйтүлмөкчү.

 

Пандемия башталгандан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары Бирликтин аймагы боюнча эркин орун которуштурууну чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Ал үчүн ЕЭК жана ЕАЭБдин Башкы санитардык дарыгерлер кеңеши 2020-жылдын май айынан тарта тутумдук негизде иш жүргүзүп келет, ал Бирликтин өлкөлөрү тарабынан  транспорттук жүргүнчүлүк ташууларда чектөөлөрдү бошоңдотуу боюнча чечимдерди кабыл алууда эске алынат.

Бүгүнкү күндө
Жүргүнчүлүк темир жол каттамдарында COVID-19дун таралышын болтурбоо үчүн алдын алуучу чаралар боюнча усулдук сунуштамалар бекитилген. Ошондой эле, жүргүнчүлүк авиакаттамдардагы алдын алуучу чаралар боюнча активдүү иш алып барылууда.

Арменияда, Беларуста жана Россияда Евразия өнүктүрүү банкынын «COVID-19суз саякаттайм» деп аталган маалыматтык тутумду киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.
 Ал жүргүнчүлөрдүн ЕАЭБдин аймагы боюнча эркин орун которуштуруусуна өбөлгө түзөт.​