Sign In
Сергей Глазьев: «Өзбекстан байкоочунун статусунда ЕАЭБ менен диалогго активдүү кошулду»

Сергей Глазьев: «Өзбекстан байкоочунун статусунда ЕАЭБ менен диалогго активдүү кошулду»

IMG_4728.jpg
04.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев жана Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов Евразия экономикалык бирлигинин жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуу 3-февралда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

Сергей Глазьев Өзбекстандын ЕАЭБдин алдындагы байкоочунун статусун алышы аталган өлкөгө Бирлик менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы, бир кыйла жогорку деңгээлине өтүүгө мүмкүндүк берет деп белгиледи. Анын пикири боюнча, Өзбекстандын өзүнүн ЕЭКтеги өкүлүн дайындашы бир кыйла активдүүрөөк биргелешкен ишке өбөлгө түзмөк.

«Өзбекстан ЕАЭБ үчүн стратегиялык өнөктөш болуп саналат. Белгилүү болгондой, биздин өлкөлөрдө өнүккөн өнөр жай кооперациясы тутуму тарыхый жактан жолго коюлган жана бүгүнкү күндө биз өз ара өнөр жай жана соода-инвестициялык кызматташтыктын көлөмдөрүн көбөйтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турабыз», – деди Сергей Глазьев.

Ботиржон Асадов өз кезегинде ЕЭК менен диалогдун конструктивдүү мүнөзүн белгиледи жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочунун статусу берген мүмкүнчүлүктөрдү болушунча толугураак пайдаланууга даярдыгын билдирди. Ал, тараптардын канчалык интенсивдүү өз ара аракеттенишине жараша, Өзбекстан да, Бирликтин мамлекеттери да утат деп баса белгиледи.

Мындан сырткары, элчи заманбап транспорт артерияларын, түйүндөрдү жана хабдарды түзүүгө басым жасоо менен региондо транзиттик-логистикалык потенциалды биргелешип өнүктүрүү зарыл экендигине өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле, тараптар ЕЭКтин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жана аны ишке ашыруу боюнча планды түзүүнүн перспективаларын талкуулашты. Мындай форматтагы иш байкоочунун статусун толук форматтуу ишке ашыруу үчүн кошумча инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк бере алат.

Өзбекстандын делегациясына ЕАЭБдин Ишкердик кеңеши менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын алдындагы консультативдик комитеттердин ишине кошулуу сунуш кылынды. Мындан сырткары, Сергей Глазьев өнөктөштөргө ЕАЭБ линиясы боюнча иш-чараларда, анын ичинде Евразия экономикалык форумунда тутумдук негизде катышууну сунуш кылды.

ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелери да көңүл борборунда болду.

Маалымат

2021-жылдын 29-январында ЕЭК Кеңешинин отуруму өткөрүлүп, анын ишинде алгачкы жолу ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет катары Өзбекстан катышты. Республиканын өкүлү Премьер-министрдин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков болду.