Sign In
Куба Республикасы ЕЭКтеги туруктуу өкүлүн дайындады

Куба Республикасы ЕЭКтеги туруктуу өкүлүн дайындады

persona-flag_-sai_t.png
04.02.21

Кубанын Өкмөтү Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пеньяны Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекет катары өзүнүн өлкөсүнүн Евразия экономикалык комиссиясындагы туруктуу өкүлү кылып дайындады.

ЕЭКке Куба Республикасынын тышкы иштер министри Р. Родригес Паррильянын Коллегиянын Төрагасы Михаил Мясниковичтин атына даректелген тийиштүү билдирүүсү келип түштү.

Хулио Антонио Гармендия Пенья 1952-жылдын 22-июлунда Кубанын Тринидад шаарында төрөлгөн.

1975-жылы Морис Торез атындагы Москва мамлекеттик чет тилдер педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты боюнча бакалавр дипломун алган.

1980-жылы – Гавана университетинин саясий илимдер бакалавры диплому.

1993-жылы Улуттук коргонуу колледжинин илимдер магистри диплому ыйгарылган.

1975-1976-жылдарда – Тышкы иштер министрлигинин кызматкери.

1976-1978-жылдарда – Кубанын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин кызматкери.

1978-1982-жылдарда – Экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери.

1982-1989-жылдар аралыгында Кубанын СССРдеги Элчилигинин экономикалык маселелер боюнча вице-кеңешчиси жана кеңешчиси болуп иштеген.

1989-жылдан 1992-жылга чейин Экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттик комитеттин СССР менен кызматташтык департаментинин директорунун орун басары болуп турган.

1994-1999-жылдарда – Кубанын Россиядагы Элчилигинин башчысынын орун басары.

1999-2004-жылдар аралыгында Кубанын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык мамилелер департаментинде сектордун башчысы болуп иштеген.

2004-2008-жылдарда – Кубанын Украинадагы Элчиси.

2008-жылдан 2013-жылга чейин Кубанын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин эл аралык мамилелер департаментинде сектордун башчысы болуп иштеген.

2013-2018-жылдар аралыгында – Кубанын Канададагы Элчиси.

2018-жылдан 2020-жылга чейин Кубанын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Канада департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалаган.

2020-жылдан азыркы убакытка чейин – Кубанын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

Орус жана англис тилдеринде сүйлөйт. Үйлөнгөн, эки кызы бар.

Маалымат

Кубага ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу 2020-жылдын 11-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда берилген.

Байкоочу мамлекеттин өкүлү, анын аппаратынын кызматкерлери жана байкоочу мамлекеттин башка өкүлдөрү чакыруу боюнча Комиссиянын Коллегиясынын, Кеңешинин жана ЕЭКке караштуу консультативдик органдардын отурумдарында катыша алышат.

Ошондой эле, байкоочу мамлекеттин мамлекет башчысынын жана өкмөт башчысынын Жогорку Кеңештин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарында чакыруу боюнча катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Байкоочунун статусун алган мамлекет Бирликтин жана анын мүчө мамлекеттеринин, ЕАЭБ жөнүндө келишимдин кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн болгон кандай болбосун иш-аракеттерден алыс болууга милдеттүү.

ЕАЭБдин Бирликтин алдындагы байкоочу мамлекет катары Куба менен өз ара аракеттенүүсү 2018-жылда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ЕЭКтин Куба Республикасынын Өкмөтү менен буга чейин калыптанган өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрөт, аталган меморандумга ылайык биргелешкен жумушчу топ иштейт.

Кубалык тарап ЕАЭБ менен диалогду Куба Республикасынын Евразия континентиндеги салттуу өнөктөштөрү менен соода-экономикалык байланыштарды кайра жаңыртуунун маанилүү элементи жана кызматташтыкты жаңы татыктуу баскычка чыгаруу үчүн түрткү катары карайт.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин Куба менен соода-экономикалык кызматташтыгынын өнүгүү деңгээли чоң өсүү потенциалына ээ.2019-жылдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Куба менен товар жүгүртүүсү 214,7 млн долларды түзгөн, анын ичинде экспорт – 197,1 млн долл. жана импорт – 17,6 млн долл. 2018-жылда ЕАЭБдин жана Кубанын ортосундагы товар жүгүртүүнүн 2010-жылдан бери рекорддуу деңгээли катталган (417,5 млн долл.).