Sign In
Тигран Саркисян: "Биздин мейкиндикте мыйзамдарды айкалыштырууну ишке ашырышыбыз керек"

Тигран Саркисян: "Биздин мейкиндикте мыйзамдарды айкалыштырууну ишке ашырышыбыз керек"

01.02.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жалпы рыногунда тоскоолдуктардын пайда болуусун болтурбоо, ык-амалдарды айкалыштыруу жана улуттук өкмөттөрдүн иш-аракеттерин синхрондоштуруу үчүн Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ролун күчөтүү керек. Мындай сунушту ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-февралда Алматыда өткөн "2.0. глобалдашуу доорундагы санарип күн тартиби. Евразиянын инновациялык экосистемасы" форумунда билдирди.
 
Форумга Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өкмөт башчылары – Сергей Румас, Бакытжан Сагинтаев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Дмитрий Медведев, Армения Республикасынын Вице-премьер министри Мгер Григорян жана санариптик чөйрөдөгү эл аралык эксперттер - эл аралык ири IT-компанияларынын жана IT-технопарктарынын жетекчилери, технологиялык индустриянын, эл аралык уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү катышышты.
 
Тигран Саркисян белгилеп өткөндөй, санариптештирүү өлкөлөрдүн экономикалык өсүшү үчүн олуттуу потенциалды камтыйт – эгерде мамлекеттер алдыга чогуу жылышса, ИДӨ кошумча өсүшү жылына 1% чейин жетиши мүмкүн. Бул туурасында Комиссия Дүйнөлүк банктын эксперттери менен биргеликте өткөргөн, ЕАЭБте санариптик трансформация боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынан белгилүү болгон.
 
Ал эми иш-аракеттер макулдашылбай жүргүзүлсө, жалпы рыноктордо жаңы тоскоолдуктар жана кедергилер пайда болуп, бизнес технологиялык мүнөздөгү чектөөлөргө туш болушу мүмкүн. "Ошондуктан биздин мейкиндикте мыйзамдарды айкалыштырууну ишке ашырышыбыз керек жана улуттук өкмөттөрдүн системаларынын интероперабелдүүлүгүн камсыздашыбыз зарыл", - деп эсептейт ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Тигран Саркисян Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруу жөнүндө айтып берди. Өкмөт башчыларынын чечими боюнча түзүлгөн, Комиссиянын долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча санариптик кеңсеге жеке сектордон жана ошондой эле мамлекеттик структуралардан 40 тан ашык долбоорлор келип түшкөн. "Алардын бир катары боюнча бизде олуттуу алдыга жылуулар бар, бул долбоорлорду ишке киргизүү жөнүндө ЕЭК Кеңеши чечим чыгарган, тигил же бул санариптик технологияларды сынап көрүшү керек болгон сынамык долбоорлор да бар. Алар аяктагандан кийин биз бул долбоорлорду бүтүндөй евразиялык мейкиндикте жүзөгө ашырууга сунуштайбыз", – деп билдирди Тигран Саркисян.
 
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, мындай долбоорлордун саны бир кыйла болгондугуна байланыштуу, санариптик кеңсе долбоорлорду башкаруунун өз алдынча органына айланышы керек. "Бул ишмердүүлүктүн өзүнчө чөйрөсүнө айланды. Европа бирлигинин тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай багыттарды жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө структураларды түзүү зарыл. Бул биздин интеграция беш жылдын ичинде олуттуу алдыга жылгандыгы туурасында кабар берет. Биз интеграцияны тереңдетүүнүн жаңы баскычында турабыз, азыр бизге биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана аларды башкаруу боюнча жаңы структуралар керек", – деп жыйынтыктады Тигран Саркисян.
 
Ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы санариптештирүү – учурдагы бизнес-процесстерди автоматташтыруу эмес экендигине баса белгилөө менен көңүл бурду. "Чарба жүргүзүүнүн ыңгайы биздин көз алдыбызда өзгөрүүдө, азыр эски экономиканын логикасын өзгөрткөн жаңы тармактар аралык санариптик платформалар калыптанууда. Санариптик технологиялар керексиз ортомчуларды четтетет, түп тамырынан жаңы экосистеманы жаратат жана ошол эле учурда ал негизги бизнес-процесс – товарларды өндүрүү эмес, жаңы билимдерди өндүрүү болуп саналган глобалдык тренддин элементи, бул тез санариптештирүүнүн негизинде жатат", – деп белгиледи ал.
 
Ошондуктан, мамлекет жана өкмөт башчылары үчүн башкаруунун жаңы механизмдери боюнча түзүлүп жаткан сунуштар бул жагдайды эске алышы керек. "Бүгүнкү күндө биз башкаруунун акылдуу, ийкемдүү системасын колдонушубуз керек, ал биздин коомду глобалдык трансформацияга жана чарба жүргүзүүнүн жаңы ыңгайына даярдайт, анткени ал биздин көз алдыбызда түзүлөт", – деп баса белгиледи Тигран Саркисян.