Sign In
ЕЭК делегациясы Алматага келди

ЕЭК делегациясы Алматага келди

IMG_4791.JPG
04.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиянын Төрагасы Михаил Мясникович башында турган делегациясы Алматага (Казакстан Республикасы) келди.

Программада – 5-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму, «Almaty Digital Forum 2021» форуму, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин ЕӨАКтын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушуусу.

 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин, ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттердин – Модованын, Өзбекстандын жана Кубанын өкмөт башчыларынын катышуусунда бетме-бет форматта өткөрүлмөкчү. Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчысы Абдулла Арипов ЕӨАКтын отурумуна келет. Молдова Республикасынын Премьер-министринин милдеттерин аткаруучу Аурелиу Чокой отурумда видеоконференция режиминде катышат.

 

ЕӨАКтын отурумунун алкагында ЕЭКтин жана КМШнын Аткаруучу комитетинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу боюнча 2021–2022-жылдарга карата иш-чаралардын планына кол коюу пландаштырылууда.

 

Ошол эле күнү «Almaty Digital Forum 2021» форуму өткөрүлөт. «Санариптик кайра жүктөлүү: жаңы реалдуулукка секирик» деп аталган форумдун пленардык сессиясында Бирликтин өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышмакчы. Ошондой эле, форумдун ишинде ЕЭК өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.