Sign In
ЕАЭБ жана Монголия кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө

ЕАЭБ жана Монголия кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө

03.12.19

3-декабрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жана Монголиянын Премьер-министри Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Монголиянын жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жөнүндө пикир алмашышты.

Монголиянын Премьер-министри өлкөнүнүн экономикалык өсүшүнүн динамикасы тууралуу айтып берди, ошондой эле Россия Федерациясынын өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөрдүн айрым маалыматтары жөнүндө маалымдады. Аталган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Ухнаагийн Хурэлсух Монголиянын жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кызыкдар экендигин билдирген.

Тигран Саркисян эркин соода аймагы (ЭСА) жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн учурдагы абалы тууралуу айтып берди. Атап айтканда, ал Сербия, Сингапур менен ЭСА жөнүндө макулдашууларга кол коюлгандыгын, Иран менен ЭСА түзүүгө алып баруучу Убактылуу макулдашуунун күчүнө киргендигин билдирди. Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын башчысы Монголиянын Премьер-министрин бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо механизми тууралуу маалымдады.

Эскерте кетсек, Комиссиянын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Монголия менен өз ара аракеттенүүсү адымдап өнүгүүдө. 2015-жылы Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган, аны ишке ашыруунун алкагында Москвада жана Улан-Батордо жумушчу топтун отурумдары, тармактык иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Монголиянын ортосундагы сооданын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында 12,9%га жогорулаган. 2018-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Монголия менен товар жүгүртүүсү 2017-жылга салыштырмалуу 20%га өскөн.

Ошого карабастан, ЕАЭБдин жана Монголиянын меморандумдун алкагындагы кызматташтыктын ишке ашырылбаган потенциалы бар, анын ичинде тармактык багыттар боюнча. Бул максатта 4-декабрда «Россия–Монголия. ЕАЭБдин жалпы рыногунда бизнес алып баруу» бизнес-форумунун алкагында болуп өтүүчү «ЕАЭБ – Монголия: кызматташтык динамикасы жана өз ара аракеттенүүнүн перспективалары» деп аталган панелдик сессияда 2020–2021-жылдарга карата Иш-чаралардын планына кол коюлмакчы.

Документ кызматташтыктын өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактары, анын ичинде техникалык, монополияга каршы жөнгө салуу, соода, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, транспорт, энергетика, бажылык тескөө-башкаруу жана башка тармактар боюнча маселелердин кеңири спектрин камтыйт.

Мындан сырткары, 2017-жылы алгачкы ЕАЭБ – Монголия бизнес-форумун өткөрүлгөн. Кезектеги ишкердик форумду өткөрүү пландаштырылууда. Мындай иш-чаралар өлкөлөрдүн ишкерлеринин ортосунда байланыштарды түзүүнүн жана бекемдөөнүн натыйжалуу аспабы болуп саналат.​