Sign In
ШКУ жана ЕАЭБ: экономикалык потенциалды ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүү

ШКУ жана ЕАЭБ: экономикалык потенциалды ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүү

03.11.20
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймагындагы экономикалык кызматташтыктын келечеги “ШКУ жана ЕАЭБ: аймактын экономикалык  потенциалын жана глобалдык экономиканы ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүү” тематикалык сессиясынын көңүл чордонунда болду. Талкуу 3-ноябрда ШКУнун Бизнес форумунун алкагында болуп өттү. Иш-чара Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан Россиянын Соода-өнөр жай палатасынын көмөк көрсөтүүсү менен уюштурулган.

Сессиянын жүрүшүндө ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев негизги баяндама менен чыгып сүйлөдү. Сессиянын модератору "Экономиканын жогорку мектеби" Улуттук изилдөө университетинин Дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин Европа жана эл аралык комплекстүү изилдөө борборунун директору, Валдай клубунун программалык директору Тимофей Бордачев болду.

Сергей Глазьевдин билдирүүсү боюнча, ШКУ мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү архитектурасынын жана Евразиядагы аймактык интеграциянын маанилүү компоненти болуп саналат, ал эми ШКУ менен диалогду өнүктүрүү Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарынын долбоорунда каралган.

"ЕАЭБ жана ШКУ мүчө мамлекеттери Евразия континентинин өзөгүн түзөт, ал эми алардын өз ара мамилеси аймактын мындан аркы өнүгүүсүнүн батыгын аныктайт, - деп баса белгиледи ЕЭК министри. - Атап айтканда, Казакстан, Кыргызстан жана Россия бир эле мезгилде ЕАЭБдин дагы, ШКУнун дагы мүчөсү болуп саналат. Беларусь ШКУда байкоочу мамлекет статусуна ээ, ал эми Армения - диалог боюнча өнөктөш. Бул биздин интеграциялык бирикмелерибиздин өз ара байланышын камсыз кылат".

Сергей Глазьев Комиссия тарабынан ШКУ менен мамилелерди жол-жоболоштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, атап айтканда, ЕЭК менен ШКУ Катчылыгынын ортосунда Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүү боюнча сүйлөшүү процесси аяктагандыгы жөнүндө маалымат берди. "Меморандумдун долбоорунун өзөгүн - транспорт, ташуулар, инвестициялар, соода жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелерине басым жасоо менен экономикалык өз ара аракеттенүү иштери түзөт,- деп ЕЭК министри билдирип, ЕАЭБ өнүккөн мыйзамдык базага ээ болгон санариптик экономика, ошондой эле техникалык жөнгө салуу жана СФС-чаралар маселелери өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн экендигин баса белгиледи. "ШКУ менен ЕАЭБдин экономикалык күн тартиби бири-бирин толуктай турган потенциалга ээ", - деп жыйынтыктады Сергей Глазьев.

ЕАЭБ менен ШКУнун кызматташтыгынын келечеги жөнүндө маалымат берип жатып, министр эки эл аралык түзүмдү айкалыштыруу зарылдыгын белгилеп, өз ара соода жүргүзүүдө улуттук валюталарда  эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатууну; улуттук валюталардагы инвестицияларды жана каржы рынокторунун, анын ичинде фондулук биржалардын интеграциясын колдогон жалпы өнүгүү институттарын түзүүнү артыкчылыктуу багыттар катары аныктады. Сергей Глазьев ошондой эле валюталык жөнгө салуу тутумдарын шайкеш келтирүү, банк тутумдарын интеграциялоо, акча жүгүртүүнүн бирдиктүү санариптик мейкиндигин түзүү, ошондой эле евразиялык каржылык архитектураны калыптандыруу маанилүү экендигин белгиледи.

Сессиянын катышуучулары ЕАЭБ менен ШКУнун ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү, анын ичинде Чоң Евразиялык өнөктөштүк идеясынын алкагында, ошондой эле “Бир алкак, бир жол” кытай демилгесин жүзөгө ашыруунун контекстинде диалог түзүү менен өнүктүрүүнүн жолдорун издөө зарылдыгына басым жасашты. Алар айрым мамлекеттердин протекционисттик саясатынын аймактын өлкөлөрүнүн экономикасынын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жаткандыгын белгилешти, ошондой эле Евразия континентинде адилеттүү экономикалык мамилелерди калыптандыруу керектигин айтышты. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү ЕАЭБ менен ШКУнун ортосундагы диалогду, анын ичинде тоскоолдуксуз экономикалык чөйрөнү калыптандыруу контекстинде өнүктүрүүгө бизнес-коомчулуктун жогорку талабына көңүл бурушту.

Талкууну https://youtu.be/WyNj_Z48Uu0 шилтемеси аркылуу көрүүгө болот.

Маалымат

Талкууга Европа саясий, экономикалык жана социалдык изилдөө институтунун (EURISPES) башкы катчысы Марко Риччери; Кытай элдик университетинин "Чунъян" каржылык изилдөө институтунун аткаруучу деканы Ван Вэнь; Казакстан Республикасынын Стратегиялык пландаштыруу жана реформалар агенттигинин төрагасы, "Астана" эл аралык каржы борборунун башкаруучусу Кайрат Келимбетов; Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Данил Ибраев; Иран Ислам Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Казем Джалали; Пакистандын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын экс-вице-президенти Абдул Джаббар; Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин Эл аралык кызматташтык жана интеграция башкармалыгынын вице-президенти, башкаруучу директору Сергей Красильников жана Кытайдын Коммерция министрлигинин алдындагы Эл аралык соода жана экономикалык кызматташтык академиясынын Евразия институтунун директору Лю Хуацинь катышышты.​