Sign In
ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин отурумунда Биримдиктин эң көп талкууларды жараткан техрегламенттери талкууланды

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитетинин отурумунда Биримдиктин эң көп талкууларды жараткан техрегламенттери талкууланды

22.10.15

21-22-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын талаасында, Техникалык көзөмөл, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин техникалык көзөмөл маселелери боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Валерий Корешков төрагалык кылган 14-отурумунун жүрүшүндө, катышуучулар Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери пикири келишпеген бир катар техникалык регламенттерди талкуулашты.

Атап айтканда, Биримдиктин «Балык жана балык өнүмдөрүнүн коопсуздугу жөнүндө» техрегламентинин долбоору боюнча мурда чечилбеген маселелер каралды, анын ичинде, балык өнүмдөрүнө сүртүлүүчү каптаманын (глазурь) ченеми жана балык өнүмдөрүнүн ветеринардык сертификат менен коштолуусу боюнча. Андан сырткары, Биримдиктин «Алкоголдук өнүмдөрдүн коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентинин долбоору талкууланды, атап айтканда, күчсүз алкоголдук өнүмдөрдүн керектөөчүлүк таңгагынын көлөмүн чектөө боюнча жана алкоголдук өнүмдөрдө тонус берүүчү заттарды колдонууну тыюуну алып салуу боюнча бөлүмдөрү.

Талкуудан соң бул долбоорлор, жаралган пикир келишпестиктерди эске алуу менен, ЕЭК Комиссиясынын кароосуна жөнөтүлдү.

Ошондой эле, «Транспортировкалоого жана (же) иштетүүгө даярдалган мунайдын коопсуздугу тууралуу» техникалык регламентинин долбоору жана «Тамак-аш өнүмдөрүнүн коопсуздугу жөнүндө» техрегламентине №3 өзгөртүүлөр коомдук талкууга жөнөтүлдү.

Комиссия жүргүзүп жаткан илимий-изилдөө иштерине ЕАЭБ мамлекеттеринин сунуштары, жана ошондой эле, Биримдиктин «Минералдык жер семирткичтерге талаптар жөнүндө», «Көмүргө жана аны кайра иштетүү өнүмдөрүнө талаптар жөнүндө», «Жемдерге жана жемдик кошулмаларга талаптар жөнүндө», «Өрт коопсуздугун камсыз кылуу каражаттарына жана өрт өчүрүүгө талаптар жөнүндө» техникалык регламенттерин даярдоо маселелери каралды.

Отурумдун талаасында «Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелдик жана кемелик отунга, реактивдик кыймылдаткычтардын отунуна жана мазутка талаптар жөнүндө» Биримдиктин техрегламентине №2 өзгөртүүлөр долбоору боюнча мүчө өлкөлөрдүн ыйгарымдуу органдарынын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Өзгөртүүлөрдүн долбоорун мамлекеттер ичинде макулдоого жөнөтүү жактырылды.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу жаатында, отурумдун катышуучулары Бажы биримдигинин бажы чек арасында жана Бажы биримдигинин бажы аймагында ветеринардык көзөмөл жүргүзүүнүн бирдиктүү тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды карап чыгышты.

Консультативдик комитеттин кезектеги отурумун өткөрүү ушул жылдын декабрынын орто ченине болжолдонду.

Маалымат

Техникалык көзөмөл, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитет Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2012-жылдын 18-сентябрындагы № 161 чечими менен түзүлгөн. Бул,Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиянын чечимдеринин долбоорлору боюнча, техникалык көзөмөл, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу жаатындагы сунуштарды иштеп чыгууну жана Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен консультация өткөрүүнү камсыз кылуучу орган.