Sign In
ЕЭКтин Транспорт боюнча консультативдик комитети интеграциялык процесстердин биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыктарын чыгарды

ЕЭКтин Транспорт боюнча консультативдик комитети интеграциялык процесстердин биринчи жарым жылдыктагы жыйынтыктарын чыгарды

03.09.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин аэропортторунун инфраструктурасынын, аэродромдук жабдууларынын, аба кемелеринин учууларынын аэронавигациялык жана радиотехникалык камсыздоосунун, ошондой эле Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүндөгү автомобилдик транспортто жана жол чарбачылыгында колдонулуучу учурдагы интеллектуалдык транспорттук тутумдарынынын абалын талдоону аяктады.

Изилдөөнүн жыйынтыктары ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиевдин төрагалыгы астындагы Комиссиянын Транспорт жана инфраструктура боюнча консультативдик комитетинин отурумунда жактырылды.

Мындан сырткары, Комитет транзиттик жана мультимодалдык ташууларды жөнгө салган мыйзамдык актыларды талдоонун, транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасын изилдөөнүн, бирлик өлкөлөрүнүн эл аралык келишимдерде жана конвенцияларда катышуусуна мониторинг жүргүзүүнүн орто аралык жыйынтыктарын карап чыкты.
«Биздин 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердигибиздин негизи талдамалык баяндамаларды түзүү болду. Биз бул ишти тездетип, Комиссиянын Коллегиясынын кароосуна ушул жылдын октябрынан кеч эмес киргизүү зарыл болгон тийиштүү чечимдерди жана сунуштамаларды даярдоого басым жасашыбыз зарыл. Бул транспорттук комплекстердин интеграциясынын кийинки баскычтары үчүн маанилүү. Кийинки жылы биз 2021-2023-жылдарга карата «жол карталарын» даярдоого киришебиз», – деп Эмиль Кайкиев отурумдун жыйынтыктары боюнча белгиледи.

Изилдөөлөр боюнча ишти үстүбүздөгү жылдын III кварталынын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылууда. Анын ичинде бул эл аралык каттамдагы жүк ташууларды уюштуруу жана жол-жоболоштуруудагы макулдашылган мамилелер жана кагазсыз технологияларды киргизүү, жана поезддердин кыймылын уюштуруудагы кемчиликтерди жоюу боюнча изилдөө. Аталган документ кагазсыз технологияларды киргизүү аркылуу темир жол жүк ташууларын уюштуруунун сапатын мыктылоого багытталган чаралардын тизмегин аныктайт.

Мындай мамиле өндүрүштүк операцияларды каттоого чыгымдарды азайтууга, документтердин жана маалыматтардын кайталанышын болтурбоого, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык каттамдагы жүк ташууларды уюштуруу менен байланышкан ишмердик менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъектилеринин борборлоштурулган отчёттуулугун түзүүгө өбөлгө түзөт.
Аталган документтердин негизинде интеграциялык максаттарда координацияланган позицияларды иштеп чыгуу мүмкүн болгон эл аралык келишимдердин тизмеги жөнүндө сунуштамаларды даярдоо пландаштырылууда.

Ошондой эле, дене мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын транспорт инфраструктурасына жана коомдук транспортко тоскоолдуктарсыз, ыңгайлуу жана коопсуз жетүүсү үчүн шарттарды түзүү жөнүндө; эл аралык каттамдагы жүк ташууларды уюштурууда жана жол-жоболоштурууда кагазсыз технологияларды киргизүү жана поезддердин кыймылын уюштуруудагы учурдагы кемчиликтерди жоюу боюнча макулдашылган мамилелер жөнүндө; ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуулардын сапатын жогорулатуу жөнүндө сунуштамалардын долбоорлору каралды жана макулдашылды.
Алар Комиссиянын Коллегиясынын кароосуна белгиленген тартипте киргизилмекчи.

Жалпысынан Комитет «жол карталарынын» иш-чараларын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду, аларды аткаруу мөөнөтү 2019-жылы аяктайт.
Мындан сырткары, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБ жана КЭРдин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну андан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Документте транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана модернизациялоого инвестицияларды тартуу, транспорт коридорлорун өнүктүрүү, ошондой эле инфраструктура объектилерин түзүү жана модернизациялоо каралган. Комитет Макулдашууну ишке ашыруу үчүн түзүлүп жаткан Биргелешкен комиссиянын алдындагы жумушчу топту/комитетчени түзүү жөнүндө Комиссиянын сунушун колдоду, жана кароого жаткан багыттардын (маселелердин) тизмеги боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин «Транспорт жумалыгы – 2019» көргөзмө форумунун алкагында транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдардын стендин уюштуруу жөнүндө демилгесин колдоду, ал жерде транспорт чөйрөсүндөгү евразиялык интеграциялык процесстердин беш жылдык өнүгүү мезгилинин ичиндеги абалын чагылдыруу пландаштырылууда.

Консультативдик комитеттин кезектеги отуруму 2019-жылдын декабрь айында өткөрүлмөкчү.