Sign In
Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттарда катышты

Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттарда катышты

03.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 3-июлда Минскте Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чараларда катышты.

"Беларустун эсинде" деп аталган салтанаттуу патриоттук жүрүштүн алкагында Жеңиш монументине гүл койгондон кийин Михаил Мясникович журналисттер менен маегинде Евразия экономикалык бирлиги – бардык мүчө мамлекеттер пайдалуу соода жүргүзүп, биргелешип өндүрө алышы үчүн соода-экономикалык механизмдерди жолго коюуга арналган интеграциялык бирикме деп белгиледи.

"Кээде биз, синергетикалык өз ара аракеттенүүнүн аркасында бул биздин өлкөлөрдүн элдерине болушунча көбүрөөк пайда жана өз ара пайда алып келиши үчүн, Беларусь Республикасынын жана ЕАЭБдин мүчөлүгүнө кирген мамлекеттердин кызыкчылыгында татаал экономикалык кызматташтык  маселелерин чечебиз", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. ​
Толугураак БЕЛТА маалымат агенттигинде​​