Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 10-июлда
өткөрүлүүчү отурумуна евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки
стратегиялык багыттарынын маселелери чыгарылмакчы. Бул тууралуу ЕЭКтин
интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 2025-жылга
чейинки Стратегиянын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун
отурумунун жыйынтыктары боюнча билдирди.
Эскерте кетсек, Стратегиянын долбоору ушул жылдын
19-майында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары тарабынан жалпысынан жактырылган.
Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө Жогорку Евразия
экономикалык кеңешинин бетме-бет өткөрүү пландашытырылып жаткан кийинки
отурумуна документтин кем жерлерин иштеп чыгуу тапшырылган.
Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясы
ЕЭК Кеңешине стратегиялык багыттарды ишке ашыруунун өзү иштеп чыккан планын
көрсөтмөкчү.