Sign In
Узак мөөнөттүү төмөн инфляция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт

Узак мөөнөттүү төмөн инфляция ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларынын жыргалчылыгынын өсүшүнө өбөлгө түзөт

IMG_8583_2.jpg
03.07.19

«Акыркы жылдарда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жаатында олуттуу прогресске жетишишти. Борбордук жана улуттук банктар чийки зат товарларына баалардын солкулугунун натыйжасында аныксыздыктын өсүшү жана чек ара аралык таасирлер шарттарында турукташтыруу саясатын жүргүзүүдөгү чакырыктарды ийгиликтүү жеңип чыгышты. Бирликтин өлкөлөрүндө инфляциянын темптеринин туруктуу төмөндөшү жана акырындык менен конвергенцияланышы байкалууда, бул акыр аягында калктын жыргалчылыгына таасир тийгизүүдө», – деп Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Тоты Калиаскарова «ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү акча-каржы саясаты: координациянын мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөр» деп аталган тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди. Армения Республикасынын улуттук банкы тарабынан уюштурулган бул иш чара 27–28-июнда Дилижанда (Армения) болуп өттү.
Ошондой эле, ЕЭК өкүлү 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча керектөө бааларынын индексинин минималдуу жана максималдуу маанилеринин ортосундагы айырма 2016-жылдагы 11,7 пайыздык пунктка салыштырмалуу 5,1 пайыздык пунктту түздү деп билдирди.
Иш чарада Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын борбордук жана улуттук банктарынын өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышышты. Талкуунун катышуучулары маселелердин кенен спектрин: аныксыздыктын өсүшү жана тышкы шок шарттарында турукташтыруу саясатын ишке ашыруу тажрыйбасын, ошондой эле инфляциялык таргеттөө режимине өтүү, инфляция боюнча максатты белгилөө тажрыйбаларын, учурда жүргүзүлүп жаткан акча-каржы саясатына ишенимди жогорулатууну, байланыш саясатын ишке ашырууну, өкмөттөр жана мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү, «улуу ченемдүүлүк» шарттарында мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүнүн учурдагы баскычында акча-каржы саясатын жүргүзүүнүн практикалык аспектилерин талкуулашты.
Макроэкономикалык саясатты координациялоонун эл аралык иш-тажрыйбасына арналган сессиянын алкагында Комиссиянын өкүлдөрү координациянын эл аралык интеграциялык бирикмелерде жана ЕАЭБде колдонулган механизмдери жана аспаптары жөнүндө айтып беришти. Иш чаранын катышуучулары Комиссиянын макроэкономикалык саясатты күчөтүү жаатындагы демилгелерин, ошондой эле акча-каржылык жөнгө салуу органдарынын жана Комиссиянын кийинки кызматташтыгынын багыттарын талкуулашты. Институционалдык негиздерди жана механизмдерди бекемдөөгө жана ишке ашырылып жаткан жол-жоболордун ачыктыгын жогорулатууга байланыштуу маселелер боюнча ЕЭКтин жана мүчө мамлекеттердин ортосунда натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
«Ачыктыктын деңгээли – бул борбордук банктардын көзкарандысыздыгынын деңгээлинен куралган нерсе», – деп Макроэкономикалык саясат департаментинин директорунун орун басары Сейилбек Урустемов баса белгиледи.
Жалпысынан, тараптар ачыктыкты жогорулатууга, борбордук жана улуттук банктар жүргүзүп жаткан саясатка ишенимди бекемдөөгө, мурдагыдай эле жогору бойдон калып жаткан инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган кийинки кадамдарды ишке ашыруунун зарылдыгына карата консенсуска келишти. Бул факторлор айрым өлкөлөрдө азырга чейин олуттуу болуп саналган доллардаштыруунун деңгээлин ийгиликтүү төмөндөтүү үчүн да маанилүү болуп саналат.
Тегерек столдун жыйынтыктары боюнча катышуучулар ЕАЭБдин алкагында макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүргүзүүнүн механизмдерин мыктылоо боюнча кадамдарды аныкташты.