Sign In
ЕЭК министри Нурлан Акматов жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун генералдык катчысы Кунио Микурия эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

ЕЭК министри Нурлан Акматов жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун генералдык катчысы Кунио Микурия эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

03.07.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) Нурлан Акматов жана Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун (ББажУ) генералдык катчысы Кунио Микурия Брюсселде (Бельгия) бажылык жөнгө салуу жол-жоболорун мыктылоо, соода жүргүзүү жол-жоболорун эл аралык стандарттарга жана бажылык тескөө-башкаруунун алдыңкы иш-тажрыйбаларына ылайык жеңилдетүү, ошондой эле Евразиялык интеграциянын бажы тармагындагы перспективалары маселелерин талкуулашты.
«2016-жылы түзүлгөн Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында ЕЭК жана ББажУ ортосунда бажы иши тармагындагы өз ара аракеттенүү ЕАЭБде бажы операцияларын шайкеш келтирүүгө жана тышкы соода мамилелерин түзүүгө өбөлгө түзгөн эл аралык кызматташтыктын маанилүү стратегиялык багыттарынын бири болуп саналат», – деп Нурлан Акматов баса белгиледи.
Тараптар Товарларды сыпаттоонун жана коддоонун шайкеш келтирилген тутумуна ылайык товарларды классификациялоо маселелери боюнча эксперттик корутундулар менен алмашуу бөлүгүндө ЕЭК жана ББажУ ортосунда өз ара аракеттенүүнү активдештирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Киото конвенциясын ар тараптуу кайра кароо боюнча жумушчу топто, ББажУнун башка жумушчу органдарында ЕЭКтин бажы блогунун катышуусу, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунда бажылык жөнгө салуу аспаптарын мыктылоо процессинде Евразия экономикалык бирлигинин ролун жана статусун күчөтүү күн тартибинин башка маселелери болду.
ББажУнун штаб-квартирасына сапарынын алкагында ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Нурлан Акматов Бүткүл дүйнөлүк бажы уюмунун Бажы кызматташтыгы кеңешинин 133/134-отурумунда катышты, анда ББажУ органдарынын 2018–2019-жылдар ичиндеги ишинин натыйжалары талкууланды.

Маалымат
ББажУнун эл аралык бажы коомдоштугундагы бажылык тескөө-башкарууну өнүктүрүү перспективаларын аныктаган негизги органы болуп Бажы кызматташтыгынын кеңеши саналат. Кеңешке бажы кызматташтыгынын бардык маселелерин, бажы тутумдарынын техникалык аспектилерин изилдөө, конвенциялардын долбоорлорун даярдоо, бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу, өкмөттөр аралык уюмдар менен Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматташуу функциялары ыйгарылган. Кеңештин отуруму жылына бир жолу өткөрүлөт. Ага ББажУнун мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын жетекчилери катышат.