Sign In
Трансчек аралык ишеним мейкиндигин жайылтуу үчүн ЕАЭБ ченемдик базасын түзүү аяктады

Трансчек аралык ишеним мейкиндигин жайылтуу үчүн ЕАЭБ ченемдик базасын түзүү аяктады

03.06.16

2-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын отурумунда маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу жана Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) трансчек аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүү чөйрөсүндө бир катар чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, юридикалык маанилүү электрондук документтер менен алмашууда улуттук электрондук санарип кол тамгаларды (электрондук кол тамгаларды) таанууну камсыздоого, ошондой эле ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системаларынын алкагында мүчө мамлекеттердин өз ара иштешүүсүндө маалыматты коргоонун тийиштүү деңгээлин колдоого байланыштуу чечимдер кабыл алынды. Чечимди кабыл алуу менен Биримдиктин ишенимдүү үчүнчү тараптарды колдонуу менен трансчек аралык ишеним мейкиндигинин ишин жайылтууга жана камсыздоого багытталган ченемдик-укуктук базасын түзүү иштери аяктады.

Ошол эле учурда ЕЭК Коллегиясынын алдында Маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматты коргоо боюнча консультативдик комитет түзүлдү. Комитеттин курамына Биримдик өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлигинин маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча компетенттүү органдарынын жетекчилик курамынын өкүлдөрү киришти. Консультативдик комитеттин төрайымы болуп ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (Министри) Карине Минасян дайындалды.

Комитеттин негизги милдеттери болуп Биримдиктин интеграцияланган маалыматтык системасын колдонуу менен ЕАЭБ алкагында маалыматтык өз ара иштешүүнү уюштуруу маселелери боюнча консультацияларды өткөрүү, трансчек аралык ишеним мейкиндигин түзүү жана өнүктүрүү, ЕАЭБтин бирдиктүү ченемдик-маалымдама маалымат системасын түзүү жана жүргүзүү, интеграциялык процесстерди маалыматтык камсыздоонун башка актуалдуу маселелерин чечүү эсептелет.