Sign In
ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин трансчегаралык базарларында атаандаштыкты коргоо маселелерин талкуулады

ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин трансчегаралык базарларында атаандаштыкты коргоо маселелерин талкуулады

03.04.15

3-апрелде Алматыда Евразиялык экономикалык комиссиясы “Евразия экономикалык бирлигинин трансчегаралык базарларында атаандаштыкты коргоо” темасында кеңешме ­өткөрдү. Кеңешменин алкагында трангчегаралык базарларда тең атаандаштыкты камсыздоо, нысапсыз атаандаштыктын алдын алуу, атаандаштыкка каршы макулдашуулар жана чарбакер субъекттердин экономикалык ишмердүүлүгүн координациялоо, ошондой эле үстөмдүк абалды кыянаттык менен колдонуу маселелери каралды. Азык-түлүк өнөр жай чөйрөсүндөгү атаандаштык маселелерине жана Евразия экономикалык бирлигинде колдонуудагы интеллектуалдык менчик объекттерине карата толук укуктуулук принциби трансчегаралык товарлар базарларындагы абалга тийгизген таасирине  өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чарага ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин улуттук монополияга каршы органдарынын, экономика, инвестиция жана өнүктүрүү, айыл чарба, юстиция министрликтеринин жетекчилери, андан тышкары Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматынын жетекчиси, ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин коомдук уюмдарынын, ишкерлер бирикмелеринин өкүлдөрү катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө ЕЭК Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча Коллегиясынын мүчөсү (Министр) Нурлан Алдарбергенов “Евразия экономикалык бирлигинин трансчегаралык базарларында атаандаштыкты коргоо” доклады менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө белгилегендей, ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык 2015-жылдын 1-январынан тартып Бирликтин улут үстүндөгү монополияга каршы органы түзүлгөн жана ал трансчегаралык базарларда үстөмдүк абалды кыянаттык менен колдонуу, атаандаштыкка каршы макулдашуу жана нысапсыз атаандаштык маселелерине көзөмөл жүргүзөт. Нурлан Алдарбегеновдун айтымында, азыркы учурда атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү үчүн зарыл болгон ЕАЭБ базасы түзүлгөн. Ошондой эле ал өз сөзүндө, кеңешменин катышуучуларын  “Атаандаштык жөнүндө” моделдик мыйзамына ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкештөө боюн иштердин жүрүшү менен тааныштырып, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу милдеттерди түшүндүрдү.

Иш чаранын алкагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында ЕЭК жана Корея Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматынын ортосунда Электрондук сатып алуулар чөйрөсүндө өз ара иштешүү жөнүндө меморандум түзүүгө ниеттенүү жөнүндө макулдашуу болду.

Мындан тышкары, кеңешмеде азык-түлүк (сүт, эт, аз майлуу, кант, ун жана кондитердик) өнөр жайынын трансчегаралык базарына тиешелүү маселелери каралды. ЕАЭБда азык-түлүк өнөр жай базарында продукцияны жана чийки заттарды өзү өндүрүүнү өнүктүрүү зарылчылыгына өзгөчө көңүл бөлүндү.

Талкуунун жыйынтыгында төмөнкүлөр сунушталды:

- атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуунун алдын алуу жана ага жол бербөө максатында, азык-түлүк өнөр жай тармагындагы трансчегаралык базарларга байкоо жүргүзүп туруу;

- ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин жергиликтүү продукцияларынын атаандаштык артыкчылыктарын толук өлчөмдө колдонуу;

- ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин ата-мекендик өндүрүүчүлөрүн колдоо;

- ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин чийки зат жана даяр продукция базарларында монополияга каршы көзөмөлдү күчөтүү.