Sign In
ЕЭК мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдамакчы

ЕЭК мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуларды аныктоо боюнча сунуштарды даярдамакчы

Фото-Жумангарин.JPG
03.03.20

ЕЭК Коллегиясы 3-мартта мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды өткөрүүдө улуттук режимден кайталанган алып коюуну аныктоо механизмин карап чыкты.

Бул маселе буга чейин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда талкууланган эле, бирок тараптарда келишпестиктер калган.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Серик Жумангариндин айтуусу боюнча, аталган механизм иштелип чыкты. Атап айтканда, анда мамлекет Бирликтин башка өлкөлөрүн жана Комиссияны кайталанган алып коюуну орнотуу жөнүндө ниети тууралуу маалымдашы каралган. Мамлекеттерде каршылыктар болгон учурда, маселе ЕЭК Коллегиясынын кароосуна чыгарылат. Тараптар Коллегия кантип чечим кабыл алышын аныкташы зарыл: консенсус менен же добуштардын көпчүлүгү менен.

Документтин кем жерлери иштелип чыккандан кийин аны ЕЭК Кеңешинин отурумуна чыгаруу пландаштырылууда.​