Sign In
Өзү жүрүүчү машиналардын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартиби өзгөртүлдү

Өзү жүрүүчү машиналардын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартиби өзгөртүлдү

IMG01504.JPG
03.03.20

ЕЭК Коллегиясы Өзү жүрүүчү машинанын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартибине, ошондой эле мындай паспортторду жол-жоболоштурууну ишке ашыруучу Ыйгарым укуктуу органдардын жана даярдоочулардын бирдиктүү реестрин түзүү жана алып баруу тартибине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзү жүрүүчү машинанын паспортунун бирдиктүү формасын толтуруу тартибине киргизилүүчү өзгөртүүлөр Бирликтин техникалык регламенттеринин аракетине кирбеген өзү жүрүүчү аэродромдук машиналардын, токой мульчерлеринин, ратрактардын жана чоң жүк көтөрүүчү жол тандабас транспорт каражаттарынын өндүрүүчүлөрүнө 2021-жылдын 31-декабрына чейин өзү жүрүүчү машиналардын паспортторун шайкештикти баалоо жөнүндө документ тууралуу маалыматтарды көрсөтүүсүз жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берет.

Мындай паспортторду жол-жоболоштурууну ишке ашыруучу Ыйгарым укуктуу органдардын жана даярдоочулардын бирдиктүү реестрин түзүү жана алып баруу тартибине киргизилүүчү өзгөртүүлөр мындай техниканын даярдоочуларын Бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүктөрүнө киргизүүгө жана өзүнүн продукциясына паспортторду жол-жоболоштурууга мүмкүндүк берет.​