Sign In
ЕЭКтин жана Марокконун биргелешкен жумушчу тобунун биринчи отуруму апрелде өткөрүлмөкчү

ЕЭКтин жана Марокконун биргелешкен жумушчу тобунун биринчи отуруму апрелде өткөрүлмөкчү

03.03.20

ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Марокко Королдугунун Россия Федерациясындагы жана Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лотфи Бушаара Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Марокко Королдугунун соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен жумушчу топтун биринчи отурумун өткөрүүнү талкуулашты.

"2019-жыл ЕАЭБдин бүткүл Африка региону менен өз ара аракеттенүүсү үчүн маанилүү жыл болду. ЕЭК жана Африка бирлигинин Комиссиясы Сочиде өткөрүлгөн "Россия – Африка" саммитинин алкагында экономикалык кызматташтык чөйрөсүндөгү меморандумга кол коюу менен тике диалог орнотушту, – деди Сергей Шухно. – Биз бул кадам бирикмелердин ортосундагы гана эмес, аларга кирген мамлекеттердин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө да жаңы импульс берет деп ишенебиз".

Сергей Шухно ЕАЭБдин маанилүү соода өнөктөшү катары Марокконун ролун баса белгиледи. "2019-жылдын жыйынтыктары боюнча биздин товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,44 млрд долларды түзүүдө", – деп белгиледи ал.

Марокконун элчиси ЕЭК менен кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдирди жана бизнес-диалогду күчөтүүгө чакырып өттү.

Жолугушуунун катышуучулары Евразия экономикалык комиссиясынын жана Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топтун биринчи отурумун ушул жылдын 9-10-апрелинде Россия-Марокко өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында өткөрүү тууралуу келишишти.​