Sign In
Михаил Мясникович Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады

Михаил Мясникович Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалгандыгы менен куттуктады

Myasnikovich-pozdravil-Maripova.jpg
03.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Улукбек Мариповду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын жоопкерчиликтүү жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалгандыгы менен куттуктады.

«Сиздин бай башкаруучулук тажрыйбаңыз, ошондой эле эң күчтүү жеке сапаттарыңыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ийгиликтүү жана натыйжалуу ишине өбөлгө болот, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин өнүгүүсү үчүн ишенимдүү таяныч болот деп ишенем, – деп айтылат куттуктоо катында. – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атынан Сизди Комиссия, Бирликтин өлкөлөрүнүн экономикаларын өнүктүрүү жана калктын жыргалчылыгын жогорулатуу кызыкчылыгында аракеттенүү менен, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ишин даярдоо жана камсыз кылуунун алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин өз ара пайдалуу кызматташтыгына мындан ары да көмөк көрсөтө бермекчи деп ишендирип кетким келет».