Sign In
ЕАЭБде зер буюмдардын жалпы рыногун түзүү боюнча иш жүрүүдө

ЕАЭБде зер буюмдардын жалпы рыногун түзүү боюнча иш жүрүүдө

IMG09602.jpg
03.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 2-февралда Евразия экономикалык бирлигинин мейкиндигинде зер буюмдардын жалпы рыногун түзүүгө мүмкүндүк берген бир катар документтерди кабыл алды.

Бирликтеги серептик сапарлардын графиги бекитилди жана мындай иш-чараларды ишке ашыруучу серептик топтун курамы жактырылды.

«Кабыл алынган документтер Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары алардын иши менен таанышууга тийиш болгон улуттук сынамык инспекцияларынын (лабораторияларынын) тизмесин аныктайт, – деди ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, МКТ боюнча министри Гегам Варданян. – Бул Бирликтин ички рыногунда сынамык энтамгалардын өз ара таанылышын камсыз кылуу үчүн керек».

Зер буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө серептик сапарлар иш-тажрыйбасы кеңири жайылтылган, анткени бул рынок татаал жөнгө салууга ээ.

ЕЭК министри Гегам Варданян белгилеп өткөндөй, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу менен каралган улуттук сынамык инспекцияларынын иши менен таанышуунун мындай механизми Бирликтин жөнгө салуучуларынын ортосунда жагымдуу ишеним атмосферасын түзөт.

 Маалымат

2019-жылдын 22-ноябрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кымбат баалуу металлдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан ратификацияланган.