Sign In
ЕАӨК жыйынтыктары: ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдери бекитилди, Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

ЕАӨК жыйынтыктары: ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдери бекитилди, Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду

01.02.19

Санариптик күн тартипти жүзөгө ашыруу, экономика, энергетика, эл аралык кызматташтык, Евразия экономикалык бирлигиндеги (ЕАЭБ) макроэкономика жана интеграция маселелери 1-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумундагы талкуулардын негизги темалары болду.
 
Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБтин санариптик күн тартибинин алкагындагы долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдерин бекитишти, 2018-жылы Бирликтин өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын абалын, мүчө мамлекеттердеги макроэкономикалык жагдайды карашты, ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүүнү талкуулашты. Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган бир катар башка чечимдер кабыл алынды.
 
Өкмөттөр аралык кеңеш ЕАЭБтин санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун механизмдерин бекитти.

Механизмдер Бирликтин санариптик күн тартибинин алкагында долбоорлорду жүзөгө ашыруунун убактылуу тартибин аныкташат. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян баса белгилегендей, бул механизмдер Бирликтин санариптик күн тартибин мындан ары жүзөгө ашыруу үчүн зарыл. Алар кооперациянын жаңы түрлөрүн түзүлүшүнө жана компетенциялардын улуттук борборлорунун өнүгүүсүнө алып келишет. "Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн бардык өлкөлөрдүн макулдугу болушу керек. Долбоордун паспорту иштелип чыгат, андан кийин ал ЕЭК Кеңешинин деңгээлинде бекитилет. Андан кийин ЕЭК Коллегиясы техникалык тапшырма түзүп, аны аткаруучуну тандашы керек", – деп түшүндүрдү Тигран Саркисян.
 
Комиссия Бирликтин алкагында компетенциялар борборлорунун евразиялык тармактары форматында мындай компетенциялар борборлорунун өз ара иштешүүсүнүн моделин иштеп чыкты жана тараптарга макулдашууга жөнөттү.
 
Долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн чечимдерди кабыл алуунун негизги деңгээлдери аныкталды. Долбоордун катышуучулары мамлекеттик бийликтин органдары жана Бирлик өлкөлөрүнүн уюмдары, мүчө мамлекеттердин компетенциялар борборлору, ЕЭК жана башка субъекттер болушу мүмкүн. Долбоор эгерде ал бардык мүчө мамлекеттер тарабынан жактырылган жана анда кеминде үч өлкө катышкан шартта жүзөгө ашырылат.
 
Механизмдер Бирликтин мейкиндигинде экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзүшөт, компетенциялар борборлорунун тармактары аркылуу мамлекеттин жана бизнестин ортосундагы кооперациянын жаңы формаларын жаратышат, ошондой эле татаал жана бөлүштүрүлгөн долбоорлор үчүн иш тажрыйбасын иштеп чыгуунун камсыздашат, Бирликтин алкагында санариптик компетенциялардын жана экспертизанын калыптанышына топтолушуна өбөлгө түзүшөт.
 
Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБтин газ жалпы рыногун түзүү маселесин карап чыгышты
 
ЕАӨК отурумунун жыйынтыктары боюнча пресс-брифингде сүйлөгөн сөзүндө Тигран Саркисян билдиргендей, Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү ошондой эле газдын транзитине бааларды аныктоо боюнча маанилүү маселени талкуулашкан. Тараптар мурдагыдай эле компромисске келише элек. Анткен менен 2018-жылдын декабрында газ жалпы рыногун түзүүнүн программасы бекитилгенден кийин ЕЭК аны аткаруунун жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар боюнча иштерди жүргүзө баштаган. "Программада бир катар концептуалдуу документтерди иштеп чыгуу каралат, атап айтканда газтранспорт системаларына жеткиликтин бирдиктүү эрежелери, газ менен биржалык соодалашууну жүргүзүүнүн тартиби жана газдын жалпы рыногунда соодалашуунун эрежелери. 2025-жылга чейин биздин газ жалпы рыногу иштей башташы үчүн, баскыч-баскычы менен документтерди бекитүүгө сунушталары божомолдонот", - деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
 
Өкмөттөр аралык кеңеште улуттуктун үстүндөгү ишканаларды түзүү маселеси каралды.
 
Комиссия Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрүнө бир бренд алдында бириктирилген продукцияны чыгарган жана бир нече өлкөнүн аймагында иш алып барган улуттуктун үстүндөгү компанияларды түзүүнүн алдыңкы тажрыйбасын сунуштады.
 
"Бул тажрыйба биз үчүн маанилүү", - деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы, - анткени евразиялык бренддин концепциясы жана биргелешкен евразиялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу бүгүнкү күндө актуалдуу маселе болуп саналат. Биз ошондой эле биздин Бирликте интеграциялык процесстерди өбөлгөлөй алуучу евразиялык бренддер үчүн укуктук талаа жаралышына кызыкдарбыз".
 
Өкмөттөр аралык кеңеш Комиссияга ЕАЭБ үчүн пайдалуу аспектилерди колдонуу максатында бул тажрыйбаны изилдөө боюнча ишти улантуу тапшырмасын берди.
 
Өкмөттөр аралык отурумдун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрү Кеме жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Бул мүчө мамлекеттерге Бирдиктүү транспорт мейкиндигин, суу транспорттук кызмат көрсөтүүлөрүнүн жалпы ички рыногун калыптандырууга жардам бере турган, транспорттук потенциалды жүзөгө ашырууга жана транспорттук комплекстерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган Бирлик маанилүү документ.
 
Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнүн желеги алдында жүргөн кемелердин башка мүчө мамлекеттердин ички сууларына өз ара жеткилигин жеңилдетет. Азыркы учурда суу жолдоруна жеткиликтин уруксат берүүчү системасы колдонулат. Документ кабарлоо системасына өтүүгө жардам берет: мүчө мамлекеттердин желеги алдында сүзүүгө кемелердин жеткилиги кабарлоонун негизинде жүргүзүлөт.
 
Эми кеме документтери, кеме капитанынын жана экипаждын мүчөлөрүнүн квалификациялык документтери да өз ара таанылат.
 
Макулдашуу кеменин желегинин мүчө мамлекетинин жана башка катышуучу-өлкөнүн ортосунда аралык суу жолдорунда жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана алардын багаждарын эки тараптуу ташууга, ошондой эле ички суу жолдору боюнча транзиттик өтүүлөргө укук берет.
 
Евразия экономикалык комиссиясы "2018-жылы Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын абалы жөнүндө" баяндамасын сунуштады.
 
Өткөн айдын тогуз айында ЕАЭБдин өз ара соодасынын көлөмү 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11,9% жогорулап, 44,2 млрд АКШ долларына жеткен. Бирликтин бирдиктүү рыногунун товарларына орточо баалар бир жыл мурдагыга караганда (112,7%) чоң туруктуулукту көрсөткөн (104,4%). Салыштырмалуу бааларда (7,2%га) ЕАЭБтин өз ара соодасынын көлөмүнүн өсүшү, экспорттун (5,4%га) жана үчүнчү өлкөлөр менен тышкы соодада товарлардын импорттун (4,2%га) өсүшүнө караганда бир топ көбүрөөк болгон.

Ошондой эле ЕАЭБтин бирдиктүү рыногунун товардык диверсификациясынын өсүшү да белгиленген. Өз кезегинде өз ара соодада атаандашты өнүктүрүү Бирликте өндүрүлгөн товарлардын сапатына оң таасирин тийгизет.
 
Баяндамада ЕАЭБтин рыногунда тоскоолдуктарды ырааттуу четтетүү, экономиканын интеграциялык потенциалы бар чөйрөлөрүндө практикалык кызматташтык сооданын андан аркы диверсификациясына түрткү берет жана мүчө мамлекеттердин экономикалык өсүшүн жигердештирүүгө өбөлгө болот деп баса белгиленди. Бул бирликтүү рыноктун сыйымдуулугун жогорулашына, Бирликтин өлкөлөрүнүн продукциясына туруктуу жана анык сурамдын калыптанышына алып келет.
 
Комиссиянын "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жана туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча сунуштар жөнүндө" баяндама окулду.
 
Бирлик өлкөлөрүнүн экономикаларында өсүш тенденциясы сакталганы белгиленген. Өткөн жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыктары боюнча өсүштүн эң жогорку тенденцияларын Армения, Беларусь жана Казакстан көрсөтүшкөн - 6%, 3,7% жана 4,1% тийиштүүлүгүнө жараша. Россиянын жана Кыргызстандын ИДӨсү бул мезгилде тийиштүүлүгүнө жараша 1,6% жана 1,2%га жогорулаган.

Мүчө мамлекеттердеги экономикалык өсүш көбүнесе өнөр жай өндүрүш секторунун жана кызмат көрсөтүүлөр секторунун өсүшү менен шартталган. Бирликте өнөр жай өндүрүшүнүн, чекене сооданын жүгүртүмүнүн жана курулуштун оң динамикасы байкалууда. Мисалы, Арменияда өнөр жай өндүрүшү 6,7%га, Беларуста – 6,8%га, Казакстанда – 4,8%га, Россияда – 3%га өскөн. Өнөр жайдын өнүгүүсү негизинен кайра иштетүүчү жана тоо-кен тармагынын эсебинен болгон.
 
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму ушул жылдын апрель-май айларында Ереванда (Армения Республикасы) өткөрүлмөкчү.