Sign In
Тигран Саркисян ШКУнун мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты

Тигран Саркисян ШКУнун мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты

02.11.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 1-2-ноябрда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Ариповдун чакыруусу боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Ташкентте (Өзбекстан) болуп өткөн отурумунда катышты.


Отурумда ШКУнун мүчө мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты тереңдетүүнүн перспективалары жана чаралары талкууланды. ШКУнун мүчө мамлекеттеринин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгынын программасынын жаңы редакциясы, ошондой эле соода, айыл чарба, экология, санариптештирүү, транзит жана транспорт жаатындагы башка документтер кабыл алынды.


Маалымат

Сегиз өлкө ШКУнун мүчө мамлекеттери болуп саналат: Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы.

Төрт өлкө ШКУнун алдындагы байкоочу мамлекет статусуна ээ: Афганистан Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия Республикасы.

Алты өлкө ШКУ диалогу боюнча өнөктөш болуп саналат: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Камбоджа Королдугу, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Түрк Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы.​