Sign In
ЕЭК Кеңеши ЖЕЭКтин отурумунун күн тартибинин маселелерин карап чыкты

ЕЭК Кеңеши ЖЕЭКтин отурумунун күн тартибинин маселелерин карап чыкты

02.11.18
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин Астанада (Казакстан Республикасы) болуп өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн интеграция, соода, өнөр жай, транспорт, экономикаларды санариптештирүү чөйрөлөрүндө чечимдер кабыл алынды.

ЕЭК Кеңеши Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумунун күн тартибинин ушул жылдын декабрь айында Санкт-Петербургда Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларына көрсөтүлүүчү маселелерин карап чыкты.

Атап айтканда, ЕАЭБ жана Иран Ислам Республикасынын ортосунда эркин соода аймагын түзүүгө алып келүүчү Убактылуу макулдашуунун күчүнө кириши жана ишке ашырылышы, ЕАЭБ жана Кытай Республикасынын ортосундагы Соода жана экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши маселелери, ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин 2019-жылга карата негизги багыттары, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин Жерди алыстан байкоонун улуттук маалымат булактарынын негизинде космос жана геомаалымат кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндөгү кооперациясын өнүктүрүү каралды.

Мындан тышкары, Комиссиянын Кеңеши мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына алардын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы (БСУ) туруктуу өкүлдөрү аркылуу ЕАЭБдин БСУ органдарында байкоочу катары катышуу маселесин иштеп чыгууну дайындады.