Sign In
ЖЕЭК мүчөлөрү алып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдеринин көлөмдөрүн макулдашышты

ЖЕЭК мүчөлөрү алып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүү ченемдеринин көлөмдөрүн макулдашышты

02.10.19

Жогорку Евразия экономикалык кеӊешинин мүчөлөрү 1-октябрда Ереванда (Армения) өткөрүлгөн отурумда алып келүү бажы алымдарынын суммаларын Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда бөлүштүрүү ченемдеринин көлөмдөрүн макулдашышты.

​ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле 2020-жылдын 1-январынан тарта айрым эл аралык келишимдердин аракетин өзгөртүү жана токтотуу жөнүндө протоколго кол коюлду.

Протоколго ылайык, алып келүү бажы алымдарынын суммаларын бөлүштүрүүнүн ченемдери ар бир мүчө мамлекет үчүн төмөнкү көлөмдөрдө орнотулат:

Армения Республикасы – 1,220%;

Беларусь Республикасы – 4,860%;

Казакстан Республикасы – 6,955%;

Кыргыз Республикасы – 1,900%;

Россия Федерациясы – 85,065%.

Мүчө мамлекеттер протоколдун жоболорун 2020-жылдын 1-январынан тарта колдонушат. ​