Sign In
ЕЭК табигый монополиялар жаатындагы улуттук мыйзамдарды жакындатуу боюнча сунуштамаларды даярдамакчы

ЕЭК табигый монополиялар жаатындагы улуттук мыйзамдарды жакындатуу боюнча сунуштамаларды даярдамакчы

02.10.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин табигый монополиялар тармагындагы жөнгө салуучу иш-тажрыйбаларын жана ченемдик базасын талдады жана тутумдаштырды. Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин Бишкекте (Кыргызстан) өткөрүлгөн 16-отурумунда каралган изилдөөнүн натыйжалары Евразия «бешилтигинин» өлкөлөрүнүн мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана мыктылоо боюнча масштабдуу иштин башаты болуп калмакчы.

Изилдөө иштеринин биринчи баскычынын натыйжалары ар түрдүү маселелер боюнча келишпестиктерди көрсөтүүдө деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча мүчөсү (министр) Эмиль Кайкиев. Аталган жолугушуу анын төрагалыгы астында өткөрүлдү. Бирликтин ар кайсы өлкөлөрүндө табигый монополиялар сегментине тиешелүү чөйрөлөрдү түшүнүүнүн өзүндө да принципиалдуу өзгөчөлүктөр бар. Ошондой эле, табигый монополиялар тармагын либералдаштыруунун деңгээлине, ишмердиктин түрлөрүн бөлүштүрүүнүн ар түрдүү тереңдигине байланыштуу келишпестиктер бар.

Жалпысынан алганда, илимий иш мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү, анын ичинде табигый монополиялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү жана табигый монополиялар чөйрөлөрүндөгү атаандаштыкты өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуу боюнча милдеттерди андан ары илгерилетүүгө жана чечүүгө өбөлгө түзүүчү документтердин негиз салуучу долбоорлору боюнча сунуштарды даярдоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасында аба ташууларын жерде тейлөө тармагындагы табигый монополияларды жөнгө салуу тажрыйбасы жана практикасы жөнүндө маалымат көрсөтүлдү, бул аэронавигация тармагындагы ишмердиктин мыктыланышын күбөлөндүрөт.

Комитеттин отурумунда талкууланган, ишмердигин аэронавигация жана аэропорттор тармактарында алып барган чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн басмырлабоочу жана атаандаштык шарттарын түзүү маселеси маанилүү ролду ойнойт.

Отурумдун натыйжалары боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин кезектеги отурумун өткөрүү ушул жылдын 28–29-ноябрына пландаштырылган.​