Sign In
ЕЭК ЕАЭБнын техрегламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекет аралык контролдук жүргүзүү жөнүндө келишим даярдоодо

ЕЭК ЕАЭБнын техрегламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекет аралык контролдук жүргүзүү жөнүндө келишим даярдоодо

01.10.15

30-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясында Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Биримдикке мүчө мамлекеттердин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдүк чөйрөсүндө мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө карата принциптер жана ыкмалар өнүндө келишим долбоору каралган.

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча коллегиясынын Мүчөсү (Министр) Валерий Коршековдун төрагалыгы астында өткөн, отурумда Макулдашууну иштеп чыгуу боюнча Жумушчу топтун мүчөлөрү – ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, ошондой эле, Евразия экономикалык комиссиясыны эксперттери, катышышты.

Отурумдун катышуучулары жооптуу иштеп чыгуучу – Армения Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан даярдалган макулдашуунун долбоорунун мазмуну, жана документ менен андан ары иштөө келечектери талкууланды.

Жумушчу топтун алдыда интенсивдүү иш күтүп жаткандыгын белгилөө менен Валерий Корешков төмөнкүлөрдү баса белгиледи «Макулдашуу

долбоору Биримдиктин бирдиктүү рыногунда жүгүртүлүүчү продукцияга натыйжалуу контролдоо- көзөмөлдөө системасын калыптандыруу үчүн Биримдиктин колдонуудагы укуктарына жана мыкты эл аралык тажрыйбаларга негизделүүсү зарыл». Документ 2015-жылдын 31-декабрына чейин даярдалууга тийиш.

ЕАЭБнын техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролдук (көзөмөлдүк) чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча макулдашууну иштеп чыгуу Биримдик жөнүндө Макулдашууда жана Актыларды жана эл аралык макулдашууларды иштеп чыгуунун Иш планында каралган.

Болуп өткөн талкууларды, келип түшкөн сын- пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, Макулдашуунун долбоору боюнча Жумушчу топтун кезектеги отурумунда кароо үчүн пикирлер топтому чогултулат. Ал 2015-жылдын 28-октябрына Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасына пландаштырылууда.

Маалымат:

ЕАЭБнын техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролдук (көзөмөлдүк) чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча макулдашууну даярдоо боюнча жумушчу топ ЕЭК Коллегиясынын 2015-жылдын 18-августундагы №79 Тескемеси менен түзүлгөн. Ошондо эле анын курамы бекитилип, ага көбүнчө Биримдикке мүчө мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде экономимкалык өнүгүү министрликтеринин, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик стандартташтыруу боюнча комитетинин, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитетинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын, Ветеринардык жана фитомсанитардык көзөмөлдүк боюнча федералдык кызматтын, Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам жыргалчылыгын коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдүк боюнча федералдык кызматтын, Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлдөрү киришкен.