Sign In
ЕЭКтин жана Индонезиянын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык кызматташтыгын күчөтүүгө мүмкүндүк берет

ЕЭКтин жана Индонезиянын Өкмөтүнүн өз ара аракеттенүүсү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык кызматташтыгын күчөтүүгө мүмкүндүк берет

02.08.19
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Индонезиянын соода-экономикалык мамилелери динамикалуу түрдө өнүгүүдө. Бүгүнкү күндө Индонезия Евразия экономикалык бирлиги үчүн – товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча АСЕАН өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү ири соода өнөктөшү. Акыркы үч жыл ичинде өз ара товар жүгүртүү 35%га өстү (3 млрд долл. чейин), ЕАЭБдин экспорту – 76%га (1,1 млрд долл. чейин), импорту – 18%га (1,9 млрд долл. чейин). Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно «Индонезия жана Россиянын стратегиялык кызматташтыгына карай: туризм, соода жана инвестициялар тармактарындагы үзүрлүү кызматташтыкты активдештирүү» бизнес-форумунда билдирди.

Форумдун ишинин алкагында, Россия жана Индонезия үчүн салттуу болуп саналган, инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика жана туризм тармагында өз ара аракеттенүү кызматташтык темаларынан сырткары, жаңы экономикалык реалиялар шарттарында ЕАЭБ жана Индонезиянын кызматташтыгынын механизмдерин жана аспаптарын талкуулоо орун алды.

ЕЭК өкүлү, ЕАЭБ жана Индонезиянын соода-экономикалык мамилелеринин өнүгүшүнүн оң динамикасына салттуу өз ара кызыкчылык да, байланыштардын интенсивдүүлүгү да өбөлгө түздү деп түшүндүрдү. Индонезия ЕАЭБ мамлекеттери менен соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин өкмөттүк деңгээлде билдирди. «Биз өзүбүз тараптан ЕЭК жана Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө алкактык меморандумду түзүүнү сунуштадык, анын долбоору ЕЭК Коллегиясы тарабынан буга чейин эле жактырылган», – деди Сергей Шухно.

ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору форумдун катышуучуларын, өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен топ түзүлгөндөн кийин, Комиссия жана Индонезиянын Өкмөтү регионалдык экономикалык интеграция, соода саясаты, техникалык жөнгө салуу, санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу, соода жол-жоболорун жеңилдетүү, транспорт, энергетика, каржы рыноктору сыяктуу маселелерге жана башка маселелерге басым жасоону, ошондой эле, жакынкы бир нече жылга карата кызматташтык программасын иштеп чыгуу менен, ЕАЭБ жана Индонезиянын ишинин бизнеске карай багытталгандыгын күчөтүүнү, жана «ЕАЭБ – Индонезия» бизнес-форумун өткөрүүнү пландаштырып жаткандыгы тууралуу маалымдады.

Меморандумга кол коюлгандан кийин Индонезия Вьетнам, Сингапур, Камбоджа жана Таиланд менен катар, ЕЭК өз кызматташтыгын расмийлештирген АСЕАНдагы бешинчи мамлекет болуп калат. 2018-жылдын ноябрь айында тийиштүү меморандум ЕЭКтин жана, интеграциялык бирикме катары, АСЕАНдын ортосунда түзүлгөн.

Бизнес-форумда Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министринин орун басары Алексей Груздев, Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин президенти Александр Шохин, Россиянын Президентинин алдындагы ишкерлердин укуктары боюнча ыйгарым укуктуу кызматкер Борис Титов, Индонезия Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Вахид Суприади, Индонезия Республикасынын Креативдүү экономика агенттигинин жетекчиси Триаван Мунаф, Индонезия Республикасынын туризм министринин орун басары Ниа Ниская, Индонезиянын Джогьякарта жана Борбордук Ява провинцияларынын губернаторлору жана башкалар катышышты.