Sign In
Михаил Мясникович Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Михаил Мясникович Александр Лукашенкону Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

02.07.20

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

"Бул майрам Улуу Ата-Мекендик согуштун каардуу мезгилинде пайда болгон, анда Минсктин немис-фашисттик баскынчылардан бошотулушу Евразия элдеринин күчүнүн биримдигинин айкын далили болуп калган,  – деп айтылат куттуктоо катында. – Салгылаштарда чыңалган бир туугандык достук байланыштары Евразия экономикалык бирлигинин алкагындагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнүн кебелбес негизи болуп саналат".

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы бул күн – Александр Лукашенконун заманбап көз карандысыз Беларусту түзүүдөгү көрүнүктүү ролу, анын ЕАЭБдин түзүлүшүнө жана глобалдык дүйнөлүк интеграциялык бирикме катары калыптанышына кошкон жеке чоң салымы жөнүндө айта кетүү үчүн мыкты себеп деп баса белгиледи.

Михаил Мясникович Александр Лукашенкого чың ден соолук, бакубатчылык жана анын мамлекеттик жана эл аралык ишмердигинде андан аркы ийгиликтерди, Беларусь Республикасына тынчтык жана өнүгүп-өркүндөө каалады.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белорус Тараптын чакыруусу боюнча 2 жана 3-июлда Минскте өткөрүлүүчү Беларусь Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларда катышмакчы.​