Sign In
Виктор Назаренко: "Рынокто компетенттүү жана ак ниет шайкештикти баалоо боюнча органдар гана калышы керек"

Виктор Назаренко: "Рынокто компетенттүү жана ак ниет шайкештикти баалоо боюнча органдар гана калышы керек"

02.07.20

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен өткөрүлгөн тармактык кеңешмеде Евразия экономикалык бирлигине алып келинип жаткан продукциянын шайкештигин баалоо тутумун кайра форматтоого карата жаңы мамиле талкууланды.

"Бирликте бирдиктүү техникалык жөнгө салуу тутумун түзүү боюнча абдан чоң иш жасалды. Продукциянын дээрлик 85% камтыган 48 техникалык регламент кабыл алынды, шайкештикти баалоонун бирдиктүү эрежелери жана жол-жоболору аракеттенүүдө. Евразия экономикалык бирлиги түзүлүп жатканда, техникалык регламенттердин талаптарына шайкештик жөнүндө бирдиктүү документтерге (сертификаттарга жана декларацияларга) өтүү жөнүндө чечимдер өлкөлөрдүн бири-бирине болгон ишенимине негизделген, жана биз баарыбыз бул ишеним чынында эле толугу менен ишке ашырылат деп ишенгенбиз", – деп белгиледи Виктор Назаренко.

Бирок Евразия экономикалык бирлигинин рыногундагы товарлардын коопсуздугун контролдоонун мындай жол менен түзүлгөн бирдиктүү механизми Бирликтин рыногун жана керектөөчүлөрүн үчүнчү өлкөлөрдөн алып келинген коопсуз эмес же коопсуздугу тийштүү түрдө тастыкталбаган продукциядан толук кандуу коргобойт.

"Бүгүнкү күндө чет элдик продукцияга эле үч жүз миңден ашуун сериялуу сертификаттар берилген, эки миллиондон ашуун сериялуу декларациялар катталган. Бул өтө чоң сандар. Эгер шайкештикти баалоо объективдүү жүргүзүлгөн болсо, анда бул рынокко коопсуз продукциянын келип түшүүсүнүн кепилдиги болуп саналат",  – деди ЕЭК министри.

Импорттолуучу продукцияга карата шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин берилишине байланыштуу учурдагы жагдайга жүргүзүлүп жаткан мониторингдин натыйжалары мурда кабыл алынган чечимдердин, анын ичинде ЕАЭБдин Өкмөттөр аралык кеңешинин деңгээлиндеги чечимдердин ишке ашырылышы шайкештикти баалоо боюнча органдар тарабынан даярдоочу ыйгарым укук берген жактарга негизсиз берилген документтердин санынын азайышына алып келбей жаткандыгын көрсөттү. "Рынокто жол-жоболорду туура эмес жүргүзүп жаткан шайкештикти баалоо боюнча органдар жана сыноо жүргүзүү лабораториялары бар, жана алардын ишмердигинин натыйжасы негизсиз берилген документтер болууда. Комиссияны 5 жылга чейинки узак мөөнөткө берилип жаткан сериялуу сертификаттар өзгөчө тынчсыздандырууда", – деп көңүл бурду Виктор Назаренко.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, Бирликтин рыногун коопсуз эмес продукциядан коргоонун керектүү деңгээлине жетүү үчүн учурда Бирликке алып келинген продукциянын шайкештигин баалоо тутумунун жаңы "конструкциясын" иштеп чыгуу зарыл. "Биздин милдет – рынокто компетенттүү жана ак ниет шайкештикти баалоо боюнча органдарды жана сыноо жүргүзүү лабораторияларын гана калтыруу", – деп баса белгиледи министр.

ЕАЭБ өлкөлөрү өздөрүнүн аймактарында продукцияны жүгүртүүгө чыгарууда, сериялуу чыгарылуучу продукциянын Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештигин баалоодо даярдоочу гана, анын ичинде продукцияны өндүргөн чет элдик даярдоочу гана өтүнмө берүүчү боло алышына, жана аталган продукциянын белгиленген талаптарга шайкештигин ал гана тастыктай алышын негизге алат деп болжолдонууда. Чет элдик даярдоочу үчүн милдеттүү шарт – Бирликте анын расмий өкүлүнүн, башкача айтканда, даярдоочу ыйгарым укук берген жактын болушу. Ал аталган продукцияны жүгүртүүгө чыгарууда анын атынан иш-аракеттерди жасайт жана продукциянын Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкешсиздиги үчүн жооп берет.

Бул ЕАЭБге импорттук продукцияны алып келүүнүн ачык тутумун түзүүгө, даярдоочу ыйгарым укук берген нысапсыз жактардын ишмердигин токтотууга, ошондой эле шайкештикти баалоо боюнча органдар жана сыноо жүргүзүү лабораториялары тарабынан документтердин негизсиз берилишинин алдын алууга мүмкүндүк берет.​