Sign In
Михаил Мясникович Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту

Михаил Мясникович Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту

02.07.20
 

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 2-июлда Беларусь Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко менен жолугушту.

Михаил Мясникович Роман Головченкону Комиссиянын ишинин 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жыйынтыктары жөнүндө, атап айтканда, ЕЭК Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү менен биргеликте коронавирустук инфекция пандемиясынын күчөшүнүн шарттарда экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча кабыл алган чаралар жөнүндө маалымдады.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы жагдайды жана андагы көйгөйлүү маселелерди, анын ичинде айрым белорус ишканалары тарабынан өндүрүлгөн уй этин Россияга жеткирүүгө жана анын аймагы аркылуу Бирликтин мүчө мамлекеттерине алып өтүүгө тыюу салууга, казак-кыргыз чек арасында товарлардын өткөрүлүшүнө, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жай продукциясынын Россия Федерациясындагы мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларга жетүүсүн камсыз кылууга байланыштуу көйгөйлүү маселелерди жоюунун перспективаларын жана бир катар башка маселелерди карап чыгышты.

Михаил Мясникович Бирликтин мамлекеттеринин чек аралары аркылуу товарларды өткөрүүгө байланыштуу келишпестиктерди жөнгө салуу, талаш маселелерди чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 17-июлда Минскте өткөрүлүүчү кезектеги отурумунун күн тартибинин маселелери талкууланды.​