Sign In
Михаил Мясникович Минскте жумушчу жолугушууларды өткөрдү

Михаил Мясникович Минскте жумушчу жолугушууларды өткөрдү

02.07.20
 

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Беларуска жумушчу сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды, анын ичинде Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Беларусь Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча министри Сергей Наливайко жана Беларусь Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы Юрий Сенько менен жолугушууларды өткөрдү.

Аталган жолугушууларда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин ушул жылдын 17-июлунда Минскте өткөрүлүүчү отурумуна даярдык көрүүгө жана аны өткөрүүгө байланыштуу маселелер жана COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таралышын болтурбоо үчүн кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Евразия экономикалык бирлигинде товарларды көзөмөлдөө механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүндү. ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин айтуусу боюнча, аталган Макулдашуу Комиссиянын бажы блогунун гана функционалы менен чектелбестен, ишмердиктин чөйрөлөрүнүн абдан кеңири спектрин камтыйт, андыктан "оптималдуу алгоритмди аныктап, документти ишке ашырууга комплекстүү мамиле жасоо зарыл".

Жолугушуулардын катышуучулары товарларды көзөмөлдөө тутуму салык жана бажы тармактарындагы маалымат алмашууну жакшыртууга, Бирликтин тышкы чек арасынын бүткүл контурундагы үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын импортун тескөө-башкарууга карата чараларды жана бирдиктүү мамилелерди макулдашууга, товарларды импорттоодо көзөмөлдөө механизмдеринин тездетилген темпте колдонулушун камсыз кылууга жана Бирликтин тышкы чек арасы аркылуу жана Бирликтин ичинде товарлардын мыйзамсыз өткөрүлүшүн азайтууга мүмкүндүк берет деген пикирин билдиришти.

Ошондой эле, Михаил Мясникович кесиптештери менен Бирликтин бирдиктүү рыногундагы мүмкүн болгон тоскоолдуктарды жоюуну жана Бирликтин өлкөлөрүнүн чарба жүргүзүүчү субъектилеринин Россия Федерациясындагы мамлекеттик сатып алууларга жетүүсүн камсыз кылууну талкуулады.​