Sign In
ЕАЭБде мүчө мамлекеттерде импортту алмаштырууну колдоонун жети багыты макулдашылды

ЕАЭБде мүчө мамлекеттерде импортту алмаштырууну колдоонун жети багыты макулдашылды

02.07.19

«Евразия экономикалык бирлигин индустриалдаштыруунун биз түзүп жаткан картасы Бирликтин деңгээлинде импортту алмаштыруу боюнча ишти комплекстүү уюштурууга, импортту алмаштыруу боюнча улуттук пландарды бириктирүүгө, ЕАЭБ деңгээлинде импортту алмаштыруучу өндүрүштүк чынжырларды түзүүгө, бири бирибиздин компетенцияларыбызды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет», – деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин 1-июлда ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өткөн өнөр жайдын приоритеттүү тармактарындагы кооперацияда жана импортту алмаштырууда интеграциялык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Жумушчу топтун алгачкы отурумунда билдирди.
Жогорку деңгээлдеги жумушчу топ Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемеси боюнча түзүлгөн жана анын курамына Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары кирет.
Алгачкы отурумда Бирликтин өлкөлөрүндөгү импортту алмаштыруу долбоорунда катышуунун механизмдерин иштеп чыгуунун тартиби талкууланды.
Комиссиянын эксперттери жана тараптардын ыйгарым укуктуу органдары мүчө мамлекеттердеги импортту алмаштырууну колдоонун багыттарын иштеп чыгышты. Учурда эле мындай жети багыт макулдашылган. Алар өнүгүүнүн инновациялык векторуна өтүүнү да (ИИТКИ жаатындагы мамлекеттер аралык программалар жана долбоорлор, компетенциялардын тармактык борборлорун түзүү), биргелешкен өндүрүштөрдү уюштуруу жана ЕАЭБде биргелешип өндүрүлгөн продукцияны колдоону да караштырат.

«Мындан ары импортту алмаштыруу долбоорлорунда катышуунун конкреттүү механизмдерин иштеп чыгууга жана тийиштүү чечим долбоорлорун даярдоого карай умтулуу керек», – деп ЕЭК министри жыйынтыктады.